Сарыколдогу тарыхый ааламды кызыктырган гүмбөз урап... (сүрөт)

Качан, кайсы убакта эч кимге белгисиз бир убакта гүмбөздөр тургузулган доорлор болгон. Канча ай, ай жылга айланып, жылдар кылымга айланып, ошол убактагы ата-бабаларыбыз эмнеге, эмне үчүн гумбоздордү курганы эч ким чечмелеп айтып бере албайт, бирок ар кандай жоромолдору бар. Ушуну менен эмне айтмакмын маалында Баш-Гумбөз деп аталып, айылымдын аты ушул ат менен аталып Сарыколдогу жерлердин катарында аты аталып келген, мурунку атын өзгөртүп Баш-Гумбөз атап алышкан жергиликтүү калк, ошол гүмбөз пайда болгондон баштап. Мурун кантип аталган белгисиз. Ооба, бул жалганда баары урайт, тургузулган хан сарайлар, эң кооз үйлөр адам баласы эмне куруп, эмне тургузган болсо, жада калса адам баласы дүйнөгө түркүк боло албайт. Өткөн айларда так күнү 23-февраль таңга жуук 6,35те катуу жер титирегендин кесепетинен ушул мен айтып жаткан Баш-Гүмбөз айылындагы гүмбөз урап түшкөн. Аттиң Сарыколдун тарыхый, ааламды кызыктырып жүргөн гүмбөз урап кимди болсода ичин ачыштырбай койбойт. Кее бир булактарда Курманжан датканын уулу Абдылдабек курган десе, кее бири Супаалы хан тургузган делинет. Бирок Абдылдабек тургузган болсо анда бир кылым дан ашуун эле турган деп билебиз. Бирок бул Гүмбөздөр андан мурунураак курушу мүмкүн.

 

sarykoldogu-tarykhyi-aalamdy-kyzyktyrgan-g-mb-z-urap 1 sarykoldogu-tarykhyi-aalamdy-kyzyktyrgan-g-mb-z-urap 2

 

Убайдылда Шаимов

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены