Сары-Колдук кыргыздарга (архив)

Сары-Колдук кыргыздарга (архив)

Жакында коңшулаш Тажик ССРинин тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы Мургап районунун "Турганбай Шайимкулов" атындагы совхоздун жарым кылымдык тою Көөнө-Коргон айылында чоң салтанат менен белгиленди. Районунда шаңдуу чыккан комуз күүлөрү, ар түрдүү дастандар айыл өнөрпоздорунун аткаруусунда берилип жатты.


Чарбанын жетекчиси Гожо Бердибаев жалпы эмгекчилерге жана меймандарга кайрылып совхоздун өткөн тарыхы жана келечеги, экономикасы тууралуу кеңири баяндап берди. Андан кийин Райондук Кеңештин төрайымы Сайра Абдурахманова эмгекчилерди чарбанын жетишкендиктери менен куттуктап, райондук мелдештин туусун тапшырды. Айылдагы партиянын, эмгектин, согуштун ардагерлери чыгып сөз сүйлөштү.


Бул жерде айта кетүүчү нерсе, жергиликтүү элдин салтын чакырылган меймандарга көрсөтүү болду. Айылдагы үч көчөгө сыйлыктар белгиленди. Биринчи сыйлык топоз, экинчи эки сыйлык жүз сомдон эле. Ага ар чарбадан келген меймандардан калыстар тобу дайындалды.


Эки күндүк оюндун жыйынтыгы чыгарылып, биринчи көчө топозду жеңип алды.


Анда ата салтында ойнолгон оюндар: кол өнөрчүлүк, тамак-аш, мейман күтүү, кыз узатуу сыяктуу каада-салт даана көрсөтүлдү.


Ашкананы жасоонун устаты Жумагүл Бадирова, Аймама Досатова чий ороонун ыкмаларын көрсөтүштү, чебер Гүлзат Эшиева шырдакка көчөт (оюу) түшүрдү.


Элечек жасоонун чебери Бааргүл Исмановага, комузчу Шермат Жусуповко, күйөө жолдоштун милдетин аткарышкан Таабалды Галбаевке, Абдилазиз Гуламайдаровко жана Ашырбек Мыймановдун аткарган ашыктык ырларын эл дүркүрөгөн кол чабуу менен тебетейлерине акча кыстарып жатышты.


Кыз узатуу салтынын дагы бир кызыгы, кыз-күйөөнүн барктуу, салтуу экенин билгизип, түндүктөн баш чыгарышты. Бул үй толгон эмеректер менен кыз узатуу деген маанини билдирет экен.


Шекербек Сартов (Тажик ССРи) Кыргыз Туусу 
1991- жыл N-184-185 (19986)


Өскөнбай Бердибаев 
Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены