Сары-Кол жаштары

Сары-Кол жаштары

Сары-Кол жаштары адаттагыдай түп өзөгүнөн өзгөчөлөнүп ийкемдүү, эмгекчил, аракетчил, акниет, жөндөмдүү, ж.б. көптөгөн асыл сапаттарга ээ экендиги мени абдан кубандырат. Биздин жаштардын колунан көп нерселер келет, мен буга ишенем. Биздин жаштар кайсы жерге барбасын, кандай тармакта болбосун ийгилик жарата алаары шексиз, муну баарыбыз көрүп билип жүрөбүз.


Биздин сыймыктанарыбыз, келечегибиз, үмүтүбүз бул жаштар. Жаштар бул жалпы Сары-Кол элинин эртеңки келечеги. Бирок биздин милдет жаштарыбызды жакшы тарбиялап, туура жол көрсөтүп руханий дем күч берип, батабызды берип, колдоп коштоп алдыга алып чыгуу.


Келиңиздер урматтуу жердештер (аксакладар, лидерлер) эмесе жаштарыбызды колдойлу. Кудайга шүгүр биздин жаштар өсө турган өнө турган Сары-Кол жергебиздин атыны ааламга тааныта турган жаштар !


Жаштарды колдоо үчүн биз программабызга төмөнкү айтылгандарды сөз жүзүндө гана эмес иш жүзүндө ишке ашыралы (конкреттүү түрдө).


Жаштарды колдоо үчүн эмне зарыл?

1. Жаштардын башын бириктирүү

2. Жаштардын атайын уюмун, коомун түзүү (жалпы бирдиктүү).

3. Жаштардын келечеги үчүн аксакалдар, лидерлер ж.б. биргелешип жер- жерлерде иш алып баруу

4. Жаштарды коомго активдүү тартып аралаштыруу

5. Талантуу жаштарга өзгөчө жеке моралдык колдоо көрсөтүү, баарлашуу

6. Жаштарга атайын спорттук, маданий ж.б.иш чараларды өткөрүүгө биргеликте жардам берүү, жаштар арасында атайын мелдештерди (серовнованияларды) жана башка маданий иш чараларды өткөрүп атайын сыйлыктарды тапшыруу (сыйлоо бул жаштарга чоң стимул болот)

7. Талантуу өнөрлүү жаштарды колдоп, өнөр шыгына жараша атайын кружокторго, уюмдарга, союздарга, спорттук клубдарга, көркөм адабий коомдорго аралаштыруу.

8. Талантуу жаштарды спорт, маданият, сүрөт, кол өнөрчүлүк, ж.б. боюнча Райондук, Шаардык Областтык, Республикалык кичине, орто жана чоң окуу жайларга кирип окуусуна шарт түзүп берүү.

9. Жаштарга туура багыт берүү үчүн аксакалдар, лидерлер ж.б. атайын жыйындарды заседанияларды, семинарларды (саясатты кошпой жөн тарбиялык мааниде) өткөрүп туруу.

10. Өлкөбүздө болуп жаткан билимдүү, илимдүү инсандардын (ар кайсы тармакта) семинарлар , тренингдер (мисалы ийгиликке жетүүнүн сырлары) ж.б. жана маданий спорттук иш чараларга Сары-Кол жаштарынын катышуусуна шарт түзүп берүү


Ушул айтылгандарды иш жүзүнө ашыралы!

Келиниздер жалпы жердештер жаштарыбызды колдоого мезгил келип жетти! Сары-Кол жаштарынан дүйнөлүк чемпиондор, илимдүү билимдүү инсандар, сүрөтчүлөр жана башка өнөр адамдары өсүп чыгарына мен толук ишенем !

Жаштар бул биздин эртеңки келечек !


Ө.Бердибаев "Поэзия Ордосу" көркөм-адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены