Сары-Кол (Чыгыш Памир) өрөөнү дүйнөнүн чокусу кайберендин түнөгү

Сары-Кол (Чыгыш Памир)  өрөөнү  дүйнөнүн чокусу кайберендин түнөгү

Тээ жүздөгөн кылымдардан бери ушул өрөөндөрдө бир-ууч кыргыз (ата-бабаларыбыз) жашоо кечирип келди. Ата-бабаларыбыз түрдүү тагдырларды баштан кечиришип мал кармап чарбачылык жана мергенчилик, кол өнөрчүлүк менен алектенип күн өткөрүп оокат тиричилик өткөрүп жашап келишкен . Памир тоолорунун суугуна шамалына (климаттык шартына) топоз жана кыргыз гана чыдай алат деп айтылып жүргөн кеп эң туура айтылган чындык экендиги калетсиз. Негизгиси кыргыз баласынын өжөрлүгүнө, эр-жүрөктүүлүгүнө, көп кырдуулугуна таң бериш керек.


Ушул айтылган асман-чоку ак-мөңгүлүү тоолордун арасында бир ууч кыргыз жан-сактап эле жашап жүрбөстөн, инсандык (адамдык улуу парызын) аткарып үй-бүлө күтүп урпак улады көбөйдү, уул үйлөп кыз чыгарды, жашоонун эрежесин бузбай табийатка ак-аруу мамиле жасады, коңшулаш элдер менен ынтымакта достукта болуп, нукура кыргызга тийешелүү болгон нартуулукту туу тутуп, ата-салтын бузбай өмүр кечирип келди .Сары-Кол кыргыздары нукура кыргыздын ата-бабалардан калган үрп-адат каада-салтын, тилин ,дилин, аздектеп аруу сактап жоготподу.


Мен мындай ойлоймун: Демек кандай шарт жагдай болбосун, улуу эл улуулугун жоготпойт экен. Бул үчүн бир гана, чыныгы кыргызга тийешелүү жан-дуйнө, мен кыргызмын деген таза-рух улуу-ой, жүрөктө, дээрде, дилде жашашы керек экен! Нукура кыргыздарга аруулукту, нарк-насилди, тил-дилди сактап калуу үчүн эч-качан, эч-нерсе (кыйынчылык, климаттык шарттар, оор жагдай, ж.б.у.с.) тоскоол боло албайт экен.


Менин ушул айткан сөзүмө сан кылымдар бою дүйнөнүн чокусундагы (деңиз деңгээлинен беш миң метр бийиктикте) өмүр кечирип, нукура кыргызгерчиликти туу туткан Сары-Колдук кыргыздар даана далил күбө.

 

Үркүтпөй кайберенди бийик белде,

Бүркүттөй уя салдык бийиктерге.

Тоолордо тоңгон муздун даамын татып,

Түнөктөш түгөй болдук кийиктерге.


Жылгада жылжып аккан булак көрдүк ,

Жылдарды кылымдарга улап келдик .

Тарыхка из калтырдык тоо аралап,

Тагдырга моюн сунуп чыдап көндүк.

Чокуда ай-жылдыздай жарык жанып,

Чогуу биз чагылыштык жарыктанып.

Күнөстө күн жүзүбүз кара тору,

Тоодой биз тоо деминен азыктандык .


Бүркүттөй уя салдык бийиктерге !

Түнөктөш түгөй болдук кийиктерге !

 

Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены