Сары-Кол: Чек ара аскер бөлүгү

Сары-Кол: Чек ара аскер бөлүгү

Сары-Кол жергесинин өнүгүүсүндө орус чек ара аскерлеринин келиши да зор мааниге ээ.

 

Алгачкы орус аскерлери Сары-Кол жеринде 1891-жылы июнь айында келе баштаган. Алгач полковник М.Е. Ионов баштаган составында 8 офицер, 114 казак жоо аскерлери болгон отряд, Бухара бектигине жана Ооган эмирлигине карай турган Памирдин бул бөлүмүндөгү абалды билүү максатында келишкен.

 

1892-жылдын июль айында Памирге болгон М. Е. Ионовдун экинчи сапарында Мургабдын Шажан участкасында (азыркы Көөнө-Коргон айылы турган жерге) орус чек арачыларынын посту курулат. Бул жерде кыштап калууга 40 казак менен 118 жөө аскер калтырылат.

 

1893-жылдын жайында полковник М.Е. Ионов Памирге болгон үчүнчү сапарында Бартанг тарапка чейин жетип, ал жерлердеги жашоочуларды ооган жана башкалардан коргоо максатында постторду кура баштаган. 1895-жылдын 27-февралында Орус жана Англия мамлекеттеринин ортосунда, эки өлкөнүн ортосундагы чек араларды тактоо (демаркация) боюнча келишимге кол коюлат. Ошол кезден баштап Мургабта биринчи чек ара отряды түзүлөт.

 

1897-жылы бул Памир отрядынын имараты Хорог шаарына көчүрлөт да, анын курамында 9 офицер 72 казак, 100 жөө аскер жана 4 фелдьшер болот. Ал эми Мургабта гарнизон түзүлүп 32 адам калтырылат. 1920-жылдардын аягында, тактап айтканда 1920-жылдын 4-апрелиндеги басмачылардын кол салуусунан Мургабтагы Памир заставасы бөлүнүп, жарымы “Хорог” заставасынын составына кирет.

 

sary-kol-chek-ara-asker-bolugu 21931-жылы Мургабта “Токтомуш”, “Ыраң-Көл”, “Муз-Көл”, жана “Кара- Көл” чек ара заставалары түзүлөт. 1939-жылдын 20-октябрында 66-чек ара отрядынын курамынан 26-чек ара комендатурасы бөлүнүп, чыгып Мургабта уюшулуп аймактагы 603 км чек араны коргоо максатында, составына жогорудагы чек ара заставалары кирип иштей баштайт.

 

Ал эми, 1944-жылы Мургабта өз алдынча 35-чек ара отряды түзүлөт да ишке кирет. Бул отряд 1959-жылы комендатурага айландырылып 66 -“Хорог” чек ара отрядынын курамына кайра өтөт.

 

XX кылымдын, 1973-жылы 23-июлда “Мургаб” комендатурасынын негизин 35-Мургаб чек ара отряды түзүлөт. Бул чек ара аскер отряды Союзда болгондуктан, анын материалдык техникалык, аскердик базасы өтө чыңдалып СССРдин Чыгыш чек арасын коргоп турган эң чоң чек ара отряды болуп турган. Анын курамына “Токтомуш” жана “Кара-Көл” комендатуралары жана ондогон чек ара заставалары баш ийип турган.

 

1992-жылдын 19-октябрында Тажикстан эгемендүүлүктү алган жылдарда, бул чек ара отряды Россиянын Тажикстандагы чек ара агентиги болуп түзүлүп Тажикистандын чек арасын коргоо милдетин аткарып калат.

 

2002-жылы декабрдан баштап Россиянын бул чек ара федералдык агенттиги чыгарылып, анын ордуна Таджикистан мамлекеттик чек ара коргоо кызматынын “Мургаб” чек ара отряды түзүлүп иштеп жатат.

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены