Сары-Кол: Аширгалчанын үңкүрү (видео)

Сары-Кол: Аширгалчанын үңкүрү (видео)

Кара-Көлдүн Кокуй белинде Даңкай деген жерде бир кичинекей үңкүр бар. Аны Аширгалчанын үнкүрү дейт.

 

Ал адам өзү мерген болуп, кара мылтыгы менен кийик атып айылын эт менен камсыздап багып турган. Ал эми Ак-Таш, Боз-Байтал жакта “Мырза порток” деген мерген болуп, анын дагы “Алма баш” деген кара мылтыгы болгон экен.

 

Ал мерген да көзгө атар, жаңылбас мерген болуп, элин этке марытып турган дешет. Кийин токтолбой ата турган беш атар мылтыктар чыкканда өзүнүн кара мылтыгы менен алардан калышпай, бирдей ок чыгарып атып, таң калтырган, көрсө ал ошончолук тез дүрмөттөп аткан экен. Ал кара мылтыкты атканда биринчи октун түтүнү тараганча, экинчи октун түтүнү биринчи түтүнгө кошулуп турган экен деп айтышып жүрөт.


Мерген ууга чыгып жолу болуп келсе коңшуларына сан бериш бул илгертеден калган салт. Айыл көп болуп мергенге төш, анан баш ашып калгандыктан төш мергендин акысы деген сөз калган. Сан бул - уча, карчыга, сан, кол, моюн сээр.


Уудан келе жаткан мергенге жолуккан адам же жолоочу, салам айткандан кийин “шыралгы мерген” деп кайрылган, мерген “шыйрагы сизге” деп жооп берип кийик союлган болсо ошол адамдын жаш курагы жана аброюна жараша сандан берген. Ал эми союлбаган болсо “түк сан” деп колду же санды териси менен кесип карматкан салт болгон.


Миң кийик аткан мергендин миңинчи кийиги оңкосунан турганда экинчи мергенчилик кылба деген белгини берет дешкен. (С. Паязкановдун материалы, Кара-Көл)

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"


Даңкай жайлоосу


 


Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены