Памир тоолорундагы геологдор

Памир тоолорундагы геологдор

Мен бала кезде Памир тоолорунун арасында чоңойдум. Биз кырда (тоодо) топоз бакчу элек. Мен бешинчи класста окучумун. Каникулда тоого келип атама топоз кайтарышам.


Күндөрдүн бир күндөрүндө биз тарапка УАЗ автомашинасы келип токтоп калды ал машинадан эки адам түштү да артынан чоң-чоң баштыктарды түшүрүштү. УАЗ чаң ызгыган бойдон кайра кетти. Жанагы чоочун адамдар түз эле биздин үйгө чыгып келишти.


Чоочун адамдар, жергиликтүүлөргө окшобойт. Бирөөсү бою узун жашы 35-40 чамасында, сакалы өскөн көзү көк, чачы сары, бирөөсүнүн жаш курагы элүү чамасында, мурду кырдач кашы койуу, бүктөмө кепканы баса кийген ( кинодогу бир каарманга окшоп кетет) .


Ал мезгилде атайлап мал сал издеп эле бирөө барбаса, алыскы бизге эч ким деле барчу эмес. Чоочун коноктордун келиши мен үчүн өзгөчө күтүүсүз жана кызыктуу болду. Таң калып карайм. Здраствуйте деп жылмайып учурашат. Апам конокторго чай берүүгө камынып, дасторкон салынды. Чай үстүндө атам коноктор менен кызуу сөзгө кирди. Мен сөзгө кызыгып баам салып коноктордун сүйлөгөнүн, өң-түсүн, кыймыл аракетин жазбай тиктеп таң калуу менен карайм. Коноктор орус тилинде, анча мынча өзбек тилини аралаштырып сүйлөшүп жатышты.


Орусча кээ бир сөздөргө жакшы түшүнбөйм, кээ бир сөздөргө түшүнөм, ошентип эсим ооп отурдум. Душанбе, город Душанбе дейттер... Бул коноктор алыскы Душанбе деген шаардан келишиптир. Союз гүлдөп турган мезгилде, геолог болуп иштеген экендер. Булардын тоолорго биринчи сапары эмес, тээ мурдатан Памир тоолоруна бир канча ирет келип иштеп кетишкен адамдар экен. Дегеле тоо арасынын кокту колот коен жатагына чейин билишет экен. Жылга жыбыт жер суу аттарын бирден санап айтып отурушат.


- Да слева, с левой стороны Пышартский хребет - дейт.


Сөзгө кызык жаным айтылгандарды кулакка куюп, абдан кызыгуу менен узакка угуп отурдум. Баам салып баарын түшүнүп отурдум. Айтымдарында СССР деген гүлдөгөн доор бүтүп, бул геологдор жумушсуз калыптыр . Айлык жок, жумуш жок, көптөгөн геологдор башка аймактарга Россия тарабына ооп кетип жатышыптыр. Бул геологдор да эки жылдай жумушсуз жүрүшүп, анан ушул тоолордон мумия алып кетишкени келишиптир.


Памир тоолорунун мумиясы өтө таза жана даарылык касиети жогору сапаттуу болот деди. Кардарлар башка жердеги мумияларга караганда бир топ кымбат сатып алышат экен. Келген коноктордун мумия боюнча айткандарына караганда, бул иштин артында көмүскө бир канча олчойгон акчалар бар экен. Бул геологдорду да, ошол мумия соодасы менен шугулданган бирөөлөр каржылап тоого мумия чогултуп келүү үчүн жөнөтүшүптүр. Биз бүгүн силердикинде жатып алалы, эртең тээ жогору барып ошол жерге чатырыбызды тигип жайгашабыз, эки жумага жете турган азык түлүгүбүз бар дейт. Эки жума мумия чогултуп анан кетишет экен. Мумия издегендер күндөн күнгө көбөйүп, мумия учурда чоң соодага айлана турганын айтышты. Атама тамаша чын иретинде он кап (мешок) мумия чогултсаңыз бир мотоцикл, ал эми жыйырма кап чогултсаңыз бир машина аласыз ала турган адамдарды биз таап беребиз деп айтышты.


Узун бойлуу сакалы өскөн геолог сүйлөп жаткан сөзүн бүтүрүп эмнегедир саамга ойлуу отурду. Көздөрүндө не бир кусалыктын, не көңүл өйүгөн санаанын издери байкалып турду. Мен үчүн бул геологдор мумия издебей эле, жоготкон жаштык мезгилин, СССР дин гүлдөп турган учурундагы жыргалчылык доорун, бактылуу жашоолорун дал ушул Памир тоолорунун арасынан издеп келгендей сезиле берди. Мм да даа дейт атам да, СССР дин кулаганына жаны кейиштүү. Мурдагыдай болбой учурда баардык нерсе тартыш болгонун да айтышты .Бир кездерде геологияда иштеп жүргөндө алган атайын кийимдер, бут кийимдер,баштыктар, чатыр жана башка керектүү шаймандар, табылгыс курал болуп ошол буюмдардын учурда мумия чогултууда чоң пайдасы тийип жаткандыгын айтышты.


Коноктор түндүн жарымына чейин атам менен кобурашып, улам-улам көк чайдан ичишип - "ПАМИР " тамекисин түтүнүн буруксутуп тартышат. Үйдүн ичи тамекинин жытына толуп кетет, а мага кайра ошол нерсе жагып турду. СССР дин кулашы , тоолордогу мумия, сакалы өскөн геологдор, ушундай нерселерди ойлоп жатып уктап калыптырмын.


Эртең менен апам тур балам тур дейт, ордумдан туруп сыртка чыксам геологдор жүрүшүптүр. Чоң асынма баштыктарын чачып керектүү жүктөрүн бөлүштүрүп жатышыптыр. Мен таң калып карайм, буюмдарын колум менен кармалып көрөм. Эки кишилик брезент чатыр, алты топозго байлап тарттырса да үзүлбөчүдөй бышык узун аркан (жип), темир саптуу керки, жыгач саптуу керки, башка тагып жүрүүчү фонарик, консервалар, кургатылган нандар (сухарик), темир казыктар, "Памир" деген жазуусу бар сигареттер, айтор баары бар экен.


Менин буюмдарга таң калганыма кубанышып тигилер:

- Очень хороший Союз, СССР - деп баш бармагын көрсөтүшөт.


Менимче бул буюмдар тоого ыңгайлуу, сапаттуу, бышык, азыр мындай табылбайт деген сыяктуу. Алар буюмдарын тээ ата бабаларынан калган таберик сыяктуу аздектеп, аяр кармап аарчып тазалап ирээтке келтирип өз-өзүнчө салып жатышты.


Геологдор эртең мененки чайды ичип бүтүшүп, атама апама чексиз ыраазы болгон түр менен: - Большое спасибо,- деп колдорун кысып жатышты. Бизден өйдө чоң жылганын башына чатыр тигип ошондо конушат экен.


Арадан бир жума өткөндө атам экөөбүз геолог досторубузга тамак-аш алып бардык. Чатырларын таштын түбү, суунун боюна ыңгайлуу жерге тигишиптир. Чоң-чоң ак каптарда (мешок) мумиялар турат.


- Охоо көп мумия чогулутуптур э - дейт атам кубанып.


Аңгыча алар да тоодон түшүп келишти, бир сааттай аркы беркини сүйлөшүп кайттык.


Ошентип геологдор он-беш күндөй тоо аралап, үңкүрлөргө кирип, бир далай мумия чогултушту. Он жетинчи күнү тээ төмөндөгү жол менен, ГАЗ- 66 автомашинасы келип жүктөрүн жүктөп калышты. Бизге келер бекен же түз эле кетип калышабы деп ойлонуп калдым . Жүктөрүн жүктөп түз эле биздин үйдү көздөй келиштилер.


Биз менен кучакташып коштошту. Атамды кайра кайра кучактайт

- Хороший человек - дейт улам улам колуну кыса кармап апамдын.


Менин бетимден өөп баарыбыз менен коштошуп кетиштилер. Мен бир аз ыйлагым келип кетти, эхх жүрө берсеңер болмок!


Биз ошол учурда алардан акча да албадык. Акча алууну ойлоп да койбоптурбуз. Акча алууну билбейт да экенбиз (азыркыдай болсо акча сурамак ким эле болсо, деп ойлойм).


Аларга биз үйрөнүп көнүп калыптырбызда көрсө. Геологдор кетишти, биз адаттагыдай эле тоо арасында жашап калдык .Мен барсам турсам ошолорду ойлойм, балалык аруу сезимимде аларды аяймын, атамды аяймын. Эхх атам тоо арасында эч качан картайбай, оорубай жүрсө экен деп тилейм. Мен чоңойсом геолог болом дечүмүн. Мен геолог болсом ушул Памир тоолорунун коюунунда иштейм деп кыялданчумун. Бирок бизге келген коноктордон кийин, менин кыялым кумга сиңген суудай жок болду!


Жок дейм мен, жоок мен геолог болбойм, боло да албайм

Себеби Союз жок болду демек геологдор да жок дейм

Кайра өзүмө өзүм айтам : Мен геолог боло албайм

Бирок мен ар- дайым Памир тоолорунун арасында калам

Мен атама жардам берем

Мен атама топоз кайтарышам

Мен тоодо топозчу болом


Мен атама жардам берем

Мен тоодо топозчу болом


Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены