Ой толгоо

Ой толгоо

Ата бабаларыбыз жылга өрлөй тоо таянып, ак чокулуу тунук булактуу, тоо койнунда жашаган. Таза абадан кере жутуп, кымыз айран, курут, каймак, эжигей, сүт, мөлтүр булактан суу ичишип. Азыркы маанидеги термин менен айтканда накта (оргинал), нукура өмүр кечиришкен. Илгертеден ата бабаларыбыз табият менен ички дүйнөсүндө аралашып, тоо ташты жер сууну кадырлап, сактап, сүйүп, урматтап жашап келишкен. Бул улуулук, тазалык, аруулук, пакизалык. Табиятты сүйүп, руханий энергия алып, өмүр сүрүү. Бул жашоонун өзгөрүлгүс мыйзамы. Адамдык баалуулуктарды жаратылыш сактаган, сактап келет. Жаратылышты адам сактаган. Сактабаса өзү жазасын алып, азыбын тарткан.

Адам пенде өзүнүн баалуулугун тааныбаса ал жерде адашуу бар. Себеби сокур сезимдерде бир беткей бүтүмдөр чыгарылган. Мисалы айтышат, акча болсо баарын чечсе болот деп. Жок жаңылыштык. Акча менен материалдык жактан гана камсыздоого мүмкүн. Руханий баалуулуктарды жерден, тоодон, ата бабаларыбыз басып өткөн тарыхтан, көркөм сөз өнөрүнөн ала алабыз. Наркыбыз, баркыбыз, ак мөңгүлүү Ала-Тоо, тунук булак, каада салт, Манас, Чыңгыз. Баардык касиетибиз ушуларда жашырылгандай.

Азыркы күндө көп жерлерде ооруу каптап, апаат, азап, согуш жаман нерселер, ар кандай жосунсуз жооруктар. Аял эркек болом деп. Эркек аял болом деп акмагы чыгып, абийирлер тытылып, чакчелекей, будуң-чаң дүйнө. Чыныгы ата уулу, кызы, өз жолуңду тап. Тыйын үчүн бирөөнүн кызыкчылыгын көздөбө.

Ала-Тооңо, ак мөнгүңө, жылга жыбытыңа, комузуңа, боз үйүңө, каада салтыңа, үрп адатыңа кайт, Манасынды, Айтматовуңду оку. Кудайдын кудурети менен берилген руханий баалуулуктарың, тоо-ташыңда, кырларыңда, ак мөңгүлүү чокуларыңда жашырылып калды. Кайт адашуудан. Алдыңды кара. Артыңа кылчай. Ойлон, ойгон.

 

Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Сары-Могол айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены