Муз - Көлдө шамал

Муз - Көлдө шамал

Мен келдим суу сурап Муз-Көлгө, жолдун боюндагы жолчулардын үйүнө .Өзүм да аябай суусадым анан машинадагы канистрага да суу алышым керек эле .Иттер мени утурлап үргөндө, үйдөн жашы эллүүлөргө барып калган бир кара тору эже чыкты.


- Кел садага болойун! Кел куатым! - деп үйгө киргизди ал-жай сураштык, ата - энемди ата-теңимди сураштырып мага тууган болуп чыкты.

- Үкам болот экен жөлөгүм деп кубанычында чек жок.


Дасторкон жайып бар тапканын алдыма койду, же ал деп кубанычында чек жок, менин да сендей балдарым бар, балдарым бири койго кетти бирөөсү Кара - Көлгө кетти дейт.


Ойлонуп отурдум: Оо садага болойун кең пейил, меймандос, ак-көңүл Сарыколчу кыргызым менин ! Пейилиң Сары-Кол талааларындай чалкып жаткан кенен ! Адамгерчилигиң Памир тоолорундай бийик!


Бар бол ! Ылайым жоголбо ! Соолуба ! Кемибе ! Арыба ! Түгөнбө ! Менин сүйүктүү жердештерим !

 

Силер менин жүрөгүмдөсүңөр


Муз- Көлдөн кимдер өтпөгөн,

Бек хандар кеткен көптөгөн.

Миң ирет шамал соксо да,

Муңайбайм дүйнөм кеп- кенен.


Ак -Байтал жолу сапарым,

Алыста өмүр катарым.

Сары-Колдо шамал кайрыктар,

Муз- Көлдү бойлоп басамын.

                      -//-

Сан ойду издеп сайлардан,

Жан - Дүйнөм балким байланган.

Толтосу толо тоолуктар,

Жүрөгүм ырга айланган.


Муз-Көлгө барсам ыр шамал,

Муз кечсем дагы муңайбайм !!!

 

Өскөнбай Бердибаев акын

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены