МУРГАБ: Марко Поло “жапайы койлору” музейи (сүрөт)

Памирдеги аркар дүйнөсүн чагылдырган музей Мургаб районунда жайгашкан. Сары-Кол (Чыгыш Памир) жергесинин өзгөчө бир ажайып түркүн жапайы жаныбарларды камтыган дүйнөсү байыртан бери эле бүткүл дүйнөнүн жашоочуларын өзүнө тартып, кызыктырып келген.

 

Венециялык саякатчы Марко Поло тээ XIII кылымдарда өз саякатында так ушул Сары-Кол өрөөнү аркылуу Индияга өтүп баратып бул жерде үйүрлөрү менен короо-короо болуп топтошуп жүрүшкөн аркар, кулжаларды биринчи жолу көрүп, аларды сүрөткө тартып, бул ажайып жаныбарлар тууралуу Европага биринчи маалыматтарды тараткан. Ошондон бери бул аркар кулжалар жалпы дүйнөдө Марко Полонун “жапайы койлору” деген ат менен белгилүү.

 

 

А.Примбердиев

Сүрөттөр: Зивагүл Исаева

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены