МУРГАБ: “Достор” биримдиги элибиздин кызматында

МУРГАБ: “Достор” биримдиги элибиздин кызматында

Мургаб райнунун “Достор” биримдигинин жаштары элибизге көптөгөн жакшы иш-чараларды өз каражаттарын аябай иш кылып келүүдө. Өзүнүздөр билгендей январь айында районубузда “Ордо” ашык оюнун болуп өткөн, ушул оюнду балдар 14 000 сомони чыгым чыгарып өткөрдүлөр.

 

Мындан сырткары өз каражаттарына азыркы оор кырдаалда райондун орууканасынын кабинеттерине прожекторлор жана 100 ашуун лампочкалар менен камсыз кылдылар жана жакын убактагы жумаа намазында 300 даана перчатка жана 300 маска тараттылды. Ошондой эле кайрымдуулук акциясынын алкагында Мургаб районунда жашаган муктаж 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таркатышты.

 

“Достор” биримдигинин жаштары ушуну менен эле токтоп калбай, мындан ары да эли-журтубузга эмгек кылаарларын жана кайрымдуулук иштерин улантууларын билдиришти.

 

Жигиттерге албан-албан ийгиликтерди каалоо менен биз да четте турбай өз салымыбызды кошолу жердештер !

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены