Кыр

Кыр

Жанатан бери ойлуу турган Табышбек ар-бери карап бир нерсе издегенсиди. Бир убакта ары жактагы эски машиненин чулдусуна барды да, колу менен чаңын сүртүп көчүк басты. Ал районго түшкөн, мал сатып кам-көсүн алгалы. Айлыга кетүү үчүн такси сүйлөшүп ошону күтүп олтурган. Табышбектин оюнда азыр айылга барсам ары жагына кайра канттип кетем, машина чыгып калар бекен деп ойлонуп санааркап жатты.


Мештин капталына далысын кактап чай ичип олтурган Зуурадан кичинекий кызы Бермет

- Апа авам бүгүн келеби? – деп сурады,

- Билбейм балам аван үлгүрсө келип калар деп чайын жутуп жүгөрүп ордунан козголду.

- Кел кызым сен деле жардам берчи апана, чоң эле кыз болбодунбу? Дасторкон алып тура бер мен эшиктеги (сырттагы) торпоко чөп ташатап келейин. Ооба Бермет 5-жашта экениге карабай тетик кыз, албетте айылдык кыздар кичинесинен эле тың болушат эмесби.

- Эй Табыш жүрү кеттик.

- Уф, чочутасында, машинен каякта?

- Бул жакта, неге чочумак элен, аа аяшты ойлопбу? Эмне сагындынбы келалбай жатып?

- Келжиребечи Жакып.


Жакып, Табышбектин жакын досу, ал район менен айылга такси кылат өзүнүн менчик унаасы менен.

- Жакып канчада жетип калабыз айылга? – деп суроо узатты Табышбек.

- Так, азыр саат 5-тен 24-өтүптүр саат 7-жарымга жетип калабызго. Сен кырга кетем деп жатасынбы? Бүгүн үлгүрбөй каласын дейм досум, балким машине чыгып калар же таштап койоюнбу?

- Жок досум көп кетип калат.

- Кайсы жердесин өзү?

- Кара-Ташта?

- Кара-Ташта, таак 35 чакырымбы?

- 42-43 чыгып калат.

- Кой Табыш узак экен, жолу да начар мен эртен эрте менен кайара районго түшүшүм керек, болбосо таштап коймокмун бензинин куйсан мага эмне бир пастык иш, жүрү кеттик клиенттер күтүп калды.


Эки дос машинага жетип калганда жанатан бери чыдамы кетип олтураган клиенттердин бирөөсү бол ай кетесинби бүгүн, башка эле такси сүйлөшпөбүз деп кудураңдады. Жакып камырабастан болду эже кеттик деп акырын машинесин айдап жөнөдү.


Айланасын жалаң бийик тоолор курчаган ээн талаада, узун даңгыр жолду арбыта сары түстөгү илгерки орустардын "Уаз" машинасы ылдамдыгын ого бетер күчөтүп бара жатты. Убакыт кечки сегизге чамалап калган учурда Табышбек айылына жетип келди. Көзү илинип кеткен экен Жакыптын каерге түшөсүн досум? - деген суроосунан ойгонуп кетти.

- А мен мына "Айыл башы" көчөсүнө токтоп койсон, жөө чыгып кетем.

- Мына келдик досум, жакшы тур.

- Ырахмат, сенда.


Досу менен коштошуп машиненен түшүп калган Табышбек бир тууган эжеси Калбүнүн үйүн көздөй бет алды. Эжеси менен жездеси Мурат сүйүнүп тосуп алышты. Алар 11-жылдан бери чогу жашашса дагын бала жытын искей элек.

- Кел баатырым, каяктан сурайбыз?

- Э жезде районго түшкөм майда-чүйдөалгалы.

- Жакшы, бүгүн эми кырга чыгып кеткенге үлгүрбөсөн керек, сүйлөшүп, кобурашып жатып кетесин.

- Ооба, ошо Зуура жалгыз калган малдан бир аз кыжаалатмын, бир эки туар инек калган эле үйдө.

- Кошунан барбы?

- Бар, Сатар акелерге дайындагам жардам берип, көз салып турун деп.

- Бир күнгө эптеп тураттыр эртен кетесин, кел байбиче чай алып кел..


Табышбек эртеси туруп эжесинин үйүнөн наштасын ачып алып, көчөгө чыкты айыл аралапконушуна кеткенге машина караштырып жатты. Ары-бери басып машине деле жолуктура албай кыжаалат болуп ойлоно баштады.Жөө эле кетсемби? Бирок жүгүмдүн жарымын калтырууга туура келет, антпесем оор, күн дагы кечтеп баратат. Бул убакта оюнбөлүп бир жаш баланын үнү угулду.


- Табыш аке, Табыш аке деген, ким болду бул деп үн чыгып жаткан тарапка карады. Табыш акесизди жездениз чыкырып жатат, кырга машине кетет экен сизди күтүп жатат. Жана эле ошого сана чегип жаткан чабандес чуркап жездесинин үйүн көздөй жөнөдү.

- Кел Табыш, мыналар ошо сенден жогорку өтөкө жөнөптүр.

- Иий баса жакшы болбодубу, нерселеримди жүктөйүн.


Табышбек жездеси жана эжеси менен коштошуп өзү отурган Кара-Таш кыштоосуна карай жол тарты.


Жол жээгинде ойноп олтурган Бермет, чаңы чыккан машинени көрөр замат үйүн көздөй чуркады. Апа, апа авам келе жатат. Зуурада шашып үйүн жыйноого киришти. Машина токтор замат, авам келди деп Бермет астынан чуркап чыккты, Табышбек кызын колуна кучактап өөп, колунан жетелеп үйгө кирди.

- Кел Табыш, жакшы келдинби?-деп жай гана ал сурашты келинчеги Зуура.

- Жакшы, өзүнөр кыйналбадынарбы?

- Жок баары жакшы бизде, иштерин бүттүбү?

- Бүттү.

- Кел куртканды бер, төргө өтүп чарчоонду жаз. Деп жолдошунун үстүндөгү күрмөсүн алып, чай койгонго киришти.


Кызы менен сүйлөшүп, ага алып келген оюнчуктарын берип, чачын сылап олтуруп калды. Бат эле чайы кайнап, дасторкон жайып калды Зуура. Бир убакта Табышбек келинчегине суроо узатты.

- Тиги инектер эмне болду? Туудубу?

- Ооба, бири тууду, бири качып кетти, Сатар аке баласы менен чыгып, үчөөлөп дагы тосо албадык.

- Кайсынысы качып кетти?

- Кара чалкуйрук инек, ал жаңы карын эмес беле.

- Ооба жаңы карын. Кайсы тарапка кетти.

- Бел ашып кетти?

- Жайлоого кеткен турбайбы.

- Каяктан билесин.

- Билем.

- Дам жайлоодо дейсинби?

- Жок, Эчки-Куумайда .

- Чабыр зоодобу?

- Ооба. Мага азык түйүп бер чай ичип алып артынан барайын.

- Кеч каласынго? Эртен эле барсанчы?

- Жок бүгүн барыш керек, эгер тууган болсо бөрү алып койот торпогун, ал жак азыр ээн болуп бөрү дагы күчтүр.

- Каап, макул этият бол, атты минип ал.

- Ооба ат ордундабы?

- Ооба кошунанын баласына айтып сугартып, чөбүн жаңылап койгом.


Табышбек карагер атын токуп алып, эшиктин алдында үнсүз жаткан итин чакырды Кумайык, Кумайык күчү-күчүк; итин эрчитип Чабыр зоо жакты карай бет алды. Аср убактысынан өтүп калган маалда Эчки-Куумай жылгасынын оозуна келип койнунан дүрбүсүн алып көз жүгүртүп, тиктеп баштады. Кантсе да чабандес неме бат эле зоого камалып турган чалкуйрук кара инегин торпогу менен турганын көрүп сүйүнүп кетти. Жаныбарым "Чу" деп атын ошол тарапка буруп жөнөдү, атын бастырып, бастырбай кайра жүгөнүн тартып бир нерсени байкагандай дүрбүсүн шашып алып тиктеп кирди. Жанындагы ити дагы бир нерсени сезгендей кулактарын сереңдетип ары-бери болуп бир жайда тура албайт. Чүүш Кумайык, кап жана үйдөн кийик капканды алып алсам болмок экен, тиги топоздун үстүндө жаткан секидеги Аркарлардын чыйырына коюп коймокмун. Кап, макул эми кеч калам тездетейин деп атын басытыр жөнөдү.


Жолдо баратып Эчки-Куумай жылгасынын баянын эстейт. Илгери бул конушта бир качкын мерген жашаган экен, Тиги Чабыр зоо деген чоң сары зоого эки, үч күндө сөзсүз кызыл кийиктер келип турчу дешет. Ошол зоонун бир күн ары жагынан, бир күн бери жагынан өңүт басып эле бакчык, теке, улактарды атып жеп күн көрүп, ал эле эмес бир айылды бакчуу экен. Ошодон уулам Эчки-Куумай деп аталып калган аңыз кептер бар эл оозунда.


Табышбек инегин айдап куптандан ооп өтөкө кирип келди. Иттердин ызы-чуусунан келинчеги утурлап чыкты.

- Келип калдынбы?

- Короонун оозун ач?

- Иий макул.

- Туупбу?

- Ооба.

- Табыш кайдан билдин ал жылгага кетип калганын?

- Топоз жаныбар кайсы жерде туулса, ошол жерге барып тууйт.

- Койчу, чындапбы?

- Эх Зуура булар мал болсо да туулган жерин унутпайт, булар табиятынан ошондой кудайдын макулуктары, биз адамдар баардык нерсени унутуп, баарына көнө берген.

- Бермет уктадыбы?

- Жок сени күтүп жатат.

- Кирели анда үйгө.


Табышбек келинчеги Зуура экөө үч жылдан бери Кеңеш атту байдын топозун багып сакманчы болуп келет. Келинчеги дагы өзүнө тың, акылдуу жар, ашыкча наалып накшыбайт. Табышбек дагы эжеси экөө эле болуп атан-энесинен эрте ажырагандан кийин байланып ишенгени Зуура менен кызы Бермет.


Үчөө кобурашып чай ичип олтурушту аркы-беркиден сүйлөп. Кез-кезде кызы күлдүрүп бир нерселерди сүйлөп койот. Аңгырча Бермет суроо узатты.

- Ава неге биз шаарда жашабайбыз?

- Кызым менин, биз айылда жашайбыз.

- Шаар жакшыго, ал жакта баары бар

- Ооба кызым ал жакта баары бар деп Зуура сөзгө аралашты.

- Ава шаарга эле кетеличи?

- Акылдуу кызым шаардын дагы шаардай балееси бар, түйшүгү көп.

- Мага шаар жагат, чоңойсом шаарда жашайм.

- Эх кызым баарыбыз шаарга кетип калсак, айылдын кереметтерин ким көрөт.

- Айылдын кереметтерин, айылда кайсы керемет бар ава деп Табышты карады кызы.

- Ай эрке кызым десе, айылыбыз жалаң бийик тоолорго курчалган, мөңгүдөн аккан таза сууларыбыз бар, булак суусу бар күзгүдөй тунук. Бул жактан дагы бийик тоого чыгып жайында чүкүрү, ышкын терип жесен болот, даамы тек алманыкыдай. Тоолордо шаңшыган бүркүттүн, Улардын үнүн угасын. Аркар, Теке сыяктуу тоо жаныбарын көрөсүн. Козу, улак, торпок мына ушу үй жаныбарларын кармап, кошо ойноп чоңойосун. Ал эми сен жана мен туулуп өскөн биздин бул айыл дүйнөдөгү баардык шаардан кооз жана кымбат. Мындай абасы таза, тоосу бийик, суусу тунук, тынч жерди эч жерден таппасак керек. Эх менин жерим кереметта.

- Анда мага чүкүрү терип берчи?

- Ооба кызым, жай келгенде сени аттка учкаштырып Чабыр зоого алып чыгам, экөөбүз чүкүрү, ышкын теребиз, ал жактын ышкындары чоң жана даамдуу болот.

- Ураа биз чүкүрүгө барабыз.

- Болду эми кызын экөөңдүн жомогунар бүтпөйт чайынарды ичкиле жаталы, эртен эрте менен кой саап акчай демдейм мен жатайын деди Зуура.

- А биз кызым экөөбүз уктайбыз.

- Макул омийн деп Зуура бата сурады.

- Омийн.


Зуура кеч кирер замат шам чырагын өчүрүп кызын кучактап уйкуга кетти. Табыш болсом ушундай кең жылганын койнунда үй-бүлөсү менен бактылуу күн кечиргенине кубанып, ыраазы боло келинчегинин чачын сылап уктап кетти.


Бул сыякттуу чыныгы кыргыз жыттанып, тоо койнунда бактылуу жашаган элдер аз эле кездешет дүйнөдө.

- Менин жерим, менин мекеним....

- Бул сюжетте Сары-Кол жергесинин күнүмдүк жашоосу таржымаланды.

Жана Сары-Колго болгон сагынычты камтыйт.


Сөздүк:

Ава-ата. Кыргызстанда Ыссык-Көл, Чоң-Алай Баткен жана Памир аймагында атасын ава дешет.

Эчки-Куумай, Кара-Таш, Дам жайлоо, Чабыр зоо - жерлердин, жылгалардын аттары.

Бир паста-бат эле.

Кыр, өтөк-конуш.

Акчай-сүт менен демделген чай.

Кой саап-Кыргызстандын кээ бир аймагында жалан уй жаныбары саалат, ал эми Сары-Кол жергесинде топоз, төө, кой, эчки баарын саап ичет.

Топоз, торпок-топоз, мамалак.

Бакчык-эки жашар тоо эчкиси.

Кызыл кийик-кадимки эле тоо текеси. Сары-Колдуктар кызыл кийик деп аташат.

Нашта – эрте мененки тамактануу.

Чүкүрү, ышкын – бийик зоолордо өскөн даамдуу өсүмдүк.

Жаңы карын – биринчи жолу төл берген топоз, уй.

Инек – топоздун ургачысы.

Улар – өтө сейрек кездешүүчү куш. Арап мамлекетинин Мекке шаарында "Улар" үнүн уккан барбы? Улуу тоого чыккан барбы деп сурашат дейт. Демек касиетүү куш.

Учкаштырып – өңөрүп ( Төөнүн, өгүздүн, аттын арт жагына олтурган адамды учкашты же өңөрүп ал дешет.


Шаджанов Адахам-Жусуп

Москва шаары

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены