Куттуктоо

Куттуктоо

Сары-Кол жаштары бүгүнкү күндө ар кайсы жака кетип, окуп билим алып, иштеп, жакшы жыйынтык көргөзүп жана жакшы жетишкендиктерге жетип олтурат, бул үчүн ар бирибиз сыймыктанабыз жана жердештерибиздин төбөсү көтөрүлгөнүнө кубанабыз.


Бүгүнкү биздин 25 жаштагы каарманыбыз Абдулвахаб Дүнкөбаев Ош мамлекеттик университетинин МИТ факультетин аяктап,жаш болгонуна карабастан аталган университетте окутуучу болуп үч жылдан бери эмгектенип келүүдө. Бул нерсе менен эле чектелбестен актерлук чеберчилигин өркүндөтүп ондон ашык клиптерде баш каарман болуп рол жараткан. "Кыяк медиа"production студиясынын негиздөөчүсү. Мындан сырткары мобилография жана модел боюнча бир канча тренингдерге катышып келүүдө.


Өткөн 2022-жылы дагы талыкпай эмгектенип "Ош Браво" чыгармачылык тобу жана "Азем маданий борбору" уюштурган кечеде "Жылдын мыкты мобилографы 2022" наамын багындырды.

 

kuttuktoo 2 kuttuktoo 3

 

Урматтуу Абдувахаб Бердигожоевич сени чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сары-Кол эли үчүн талыкпай эмгектенип зоболоң көтөрүлүп ийгиликтерди багындырып, чоң жетишкендиетерге жетип жана түгөнгүс эмгек өтөй беришине тилектешбиз. Сага чын ден-соолук, берекелүү өмүр жана бакыт каалайбыз. Мындай ийгилик жаратуу бул ар бир эле адамдын колунан келе бербейт, сага чыгармачылык эргүү каалайбыз.


Сени терең урматтоо менен:

"Сары-Кол жаштары"коомдук бирикмеси.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены