ГУЛБИЯВАН

ГУЛБИЯВАН

Асманга кулач жайып тээ бийиктерде, аппак мөңгү чокуларын күнгө чагылтып Памир тоолору не бир сүрдүү, не бир кооз көзгө тартылат.


Кокту-колот жылга-жыбыттарында түркүн жаныбарлар байырлап, ар-бири өзүнүн табигый түзүлүшүнө жараша шарт-жагдайда ыңгайлуу жерлеринен түнөк таап мекендеп алышкан. Памир тоо арасы жапайы жандыктарга өтө ыңгайлуу болуп эсептелет. Тоо тамырынан ийген мөлтүр булактары, шаркырап аккан суулары, берметтей тунук көлдөрү, жашыл тулаң шиберлери, аска-зоо тектирлеринде боз от шыбак, терскен, алтын-тамыр, аркар-оту, көөрак жана башка түркүн-түрдүү өсүмдүктөрү, айтор Памир тоо коюнунда жапайы жаныбарларга, кайберен кийиктерге азык түлүк эсепсиз мол.


Тоо арасында түркүн чөптөрдүн жыты аңкып, жел шамалга ыргала шуулдап өзгөчө бир керемет. Памир тоолорунун коюнунан суурулуп тээ алыстан бир караан жылганын оозуна карай төмөн көздөй түшүп келе жатты. Жалгыз караандын көлөмү алыстан өзгөчө көрүнүшүнө караганда, өтө чоң жаныбардай сезилет.


Аюубу? же чоң кулжабы? .


Шамалда түркүн чөптөр ыргалып шуу-шуу шуулдайт, шырт-шырт калдайган караан жылга оозуна жакындап келе берди. Суурлар ийиндеринен башын чыгарып ышкырышып, кандайдыр бир коркунуч болуп кеткенсип бири-бирине белги берип жатышты. Тээ бийикте аркар-кулжалар селт этип чочуркашып, калдайган кааранды таң-калыштуу тиктешет.


Шырт-шырт, шырт-шырт, бул калдайган караан не бир сырдуу, не бир таң-калыштуу, не бир табышмактуу, көзгө көп көрүнбөгөн Памир тоолорунун арасында жашырынып жашап жүргөн жападан-жалгыз Гулбияван (жапайы адам сыяктуу жаныбар) эле.


Бул табышмактуу жандыктын тоодон төмөн карай жөнөшүндө бир мандем бар сыяктуу.

Ар-дайым жылга-жыбыт төрлөрүндө таш-корум жар-үңкүрлөрдө, деги эле адам баласы оңой-олтоң жете албаган жерлерди түнөк кылган Гулбияван, бүгүн өлүмгө тике караган баатыр сыяктуу өз эрки менен төмөн көздөй кетип жатуусу да (өзгөчө) биринчи жолу эле.


Илгери-илгери бул сырдуу Памир тоолорунда анча көп эмес, (саналуу эле) Гулбиявандар жашачу. Кудайдын кудуретиби? же табийгаттын сырыбы? Айтор бул өтө сейрек кездешүүчү сырдуу жандыктар, тукуму уланып көбөйүп кете алышпады. Жылдан жылга азайып жоголуп отуруп жападан жалгыз ушул Гулбияван калган эле .


Бул жаныбардын артына түшүп аңдыган, сары изине чөп салып издеп изилдеп жүргөн, эң коркунучтуу жырткыч душманы ал адам баласы эле. Эртеби кечпи баары бир адам баласынын колунан жок болорун бул жандык билет-туят! Илгери бул адам баласы анчейин жырткыч, ач-көз, эмес эле . Алыстан көрсө же жакындан карп-курп кезигишип кетсе да Гулбиявандарга зыян келтирчү эмес.

Бул инсанияттын ( адамзаттын) тукумунан деген түшүнүктө, аяр мамиле жасашып өтө азиз өтө ыйык жандык катары санашчу.


Азыркы илимий техника, курал-жарак ж.б.у.с. өнүккөн жаңы доордо, бул адам баласы күндөн-күнгө пейили бузулуп, адамдык асыл сапатынан ажырап, табийатка таш-боор мамилеси күч алып, таш-боор жырткычка айланууда. Аркар кулжаларды, аюу, карышкыр, сүлөөсүн, илбирс жана башка жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүн аёосуз кырышып, сейрек кездешүүчү тоо жаныбарларын жок кылууда.


Тээ бийиктен төмөн көздөй кетип бараткан Гулбиявандын адамдарга болгон ички туюму дал мына ушундай эле. Анын да артынан сая кууп издеп жүрүшөт, атайын адамдар бөлүнгөн .

Ал тургай тээ жогорку жактан Борбордук Партия өкмөтүнөн көрсөтмө болгон. Ушул сырдуу жападан жалгыз тоо жандыгын издеп адамдар тоого келип кетишти, жакында атайын топ дагы келишет. Эгер караанын көрүп калышса тирүү кармаганга аракет кылышат, тирүү кармай алышбаса атып өлтүрүшүп тээрисин өкмөттүк партияга өтө чоң кубануу менен сүйрөп барууга ар-бири ынтызар !


Бул жок болуп бараткан жандыкты аяй турган бир дагы адам баласы жок!


Бул жандыкты таап, тутуп же атып алышса борбордук партия тарабынан чоң сыйлыкка ээ болушарын баары ойлошот, ошону самашат. Мына ушундай жагдай шартты бул жапайы сырдуу жандык өз туюмунда сезет туят.


Таш агызчуудай болуп күркүрөгөн агыны катуу тоо дарыясы, Гулбияван ушул дарыянын үстүндөгү бийик жарга жеткенде тык токтоду. Саамга жылга төрүнө жүз буруп, салкын шамалга бойун тосту. Бир канча мүнөттөрдөн кийин кайра бери-карай бурулуп катуу күркүрөп кыйкырып жатты.

Жаратылыш коюунундагы жапайы адам ары-бери колун жаңсап, ичинде кайгы-муңу кайнап акылдуу адамдарды жек- көрүп, илим-билимдүү бирок таш боор адамдарга наалат каргыш айтып боздоп жатты. Жапайы адам акыл эси өнүккөн бирок таш боор адамдарга жан дилинен катуу өкүнүп, катуу таарынып, катуу жек көрүп өкүрүп өксөп өксүп жатты.

Гүр-гүрр гүр-гүрр, гүү-гүү,

Калдайган чоң караан тээ бийик жардан, төмөндөгү дарыяны көздөй бойун таштады. Бул Памир тоолорундагы жападан жалгыз жашап жүргөн эң акыркы Гулбияван эле.


Катуу чаңырган үндөрдөн аска-зоолор жаңырып, аалам дүйнө солк этип бир саамга кыямат боло түшкөнсүдү. Арадан эт кайнатым убакыт өткөндө айлана кайра мемиреп тынчтыкка бөлөндү. Тээ төмөндө беш-алты адам жылга өрлөй келе жатышты, ал адамдар Гулбияванды издөө үчүн атайын жөнөтүлгөн адамдар эле .


Эми алар эч качан - эч качан, эч жерден, сырдуу жана табышмактуу Гулбияванды таба алышпайт !


Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru


Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены