Элге билим берүү бөлүмүн жетекчилери

Элге билим берүү бөлүмүн жетекчилери

Бүгүнкүсүнө шүгүр демекчи, бул күндөрү жалпы өлкөбүз өнүгүүнүн даңгыр жолуна кадам салып, ири курулуштар курулуп, өндүрүштүк ишканалар иштеп, жаштарыбыз билим улашып, өлкөдөгү ар тараптуу өнүгүүнүн далилдерине күбө болуудабыз. Өзгөчө, Улут Ажосу, өлкө Президенти Эмомали Рахмондун Тажикстан республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык юбилейин татыктуу тосуп алуу жана ага даярдык иштери боюнча жергебизде алгылыктуу даярдык иштери жүрүүдө.

 

Анын ичинде, «Сарыкол» гезитибиз да сыртта калбастан, Улут ажосу улуу урматтуу Президентибиздин, Өкмөтүбүздүн коомдук-саясий, социалдык-маданий жаңылыктарын чагылдырып, гезитибиз жакшыруу менен, таасирлүү арышын кеңейтүүдө. Учурда райондук гезитибиздин окурмандарынын саны да арбып, андагы жарыяланган макалалар окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Ошондуктан, урматтуу замандаштар, сиздердин назарыңыздарга төмөнкү тизмени сунуштоо менен, Мургаб районубуздагы элге билим берүү бөлүмүн жетектеген жетекчилердин тизмеси менен тааныштырууну туура таптым.

 

Бул тизме 1998-1999-жылдары архивдик материалдардын негизинде түзүлүп, 2017-жылы толукталган. Ошону менен бирге Сиздерден тизмедеги жетекчилер жөнүндө маалыматтарды: өмүр таржымалы, аты-жөнү, сүрөттөр жана башка маалымат, билдирүүлөрдү бөлүшүүнү суранабыз. Чогул- тулган материалдар Тажикстан республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык юбилейине карата билим берүү тармагы боюнча даярдалуучу атайын китепчеге киргизип, келечек муундарга бир аз болсо да тарыхый маалымат калтырсак деген үмүттөбүз.

 

Мургаб районунда элге билим берүү бөлүмүн жетектеген же- текчилердин тизмеси:

 

1 Патанов Б 1932-1939

2 Еникеева С. 1939-1940

3 Сархатанов 1940-1943

4 Бакиров Ж. 1943-1945

5 Сакеев Өмүр 1945-1949

6 Мурзагаянов И. 1949-1950

7 Эшназаров Туратбек 1950-1952

8 Жанышов К. 1952-1953

9 Ибраев Б. 1953-1958

10 Осмонов А. 1958

11 Саякбаева С. (Бермет) 1958-1962

12 Алимсеитов Харыбек 1962-1963

13 Талканчиев Абдыкадыр 1963-1965

14 Ходжиев Б 1965-1968

15 Рыскелдиев Самидин 1968-1971

16 Мурзамамбетов Данияр 1971-1976

17 Койчуманов Жаркынбай 1976-1978

18 Заирбеков Мажит 1978-1980

19 Газыбеков Боронбай 1980-1997

20 Ниязбеков Гожомберди 1997-2003

21 Татиева Элмира 2003-2008

22 Таштанбекова Зумурат 2008-2011

23 Назармамбетов Ырысбай 2011-2015

24 Исабеков Дүйшө 2015-2016

25 Шикориев Мунир 2016

 

Гожомберди Ниязбеков

Билим берүүнүн мыктысы, журналист

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены