Элүү жыл мурунку Ыраң-Көлдүктөрдүн жеңиши

Элүү жыл мурунку Ыраң-Көлдүктөрдүн жеңиши

“Быйыл Ыраң-Көл жамаатында чоң маарекелер болот деп угуп калдым. Ылайым эле элибизде тойлор боло берсин -деп сөз баштап калды ардагер аксакалыбыз Колчокбаев Тешебай аке. Мындан элүү жыл мурун районубузда эмес, өлкөбүздө Ыраң-Көлдүктөр чоң жеңишке жетишип, эл намысына жараган. 1967-жылы ошол мезгилдеги «Ленин-Жолу» колхозунун күжүрмөн мээнеткеч эмгекчилери Бүткүл Союздук жарышта СССРдин КПСС БКнын, СССР Министирлер Советинин, ВЦСПСтин «Эстелик Кызыл Туусун» жеңип алган. Эсимде, ал мезгилде мен жогорку окуу жайында окуп, студент элем. Бул “Эстелик Тууну” тапшыруу үчүн ошол кездеги СССР Жогорку Советинин депутаты, ТБА облусунун партия комитетинин биринчи секретары М. Назаршоев, ТажикССРинин Жогорку Советинин депутаты, Мургаб районунун партия комитетинин биринчи секретары Б.Додхудоиев жана Мургаб райондук Аткаруу комитетинин председатели Осмон Атабаевдер Ыраң-Көлгө келишкен.

 

Алар Ыраң-Көлдүктөрдү бул чоң жеңиштери менен кызуу куттукташып, алардын талыкпас эмгектериндеги жогорку көрсөткүчтөрүнө баа беришип, алкыштарын айтып, сыйлыкты тапшырышкан. Ошондогу адамдардын сүйүнүчтүү жүздөрү азыр да көз алдыма келет. Анда бир эле Ыраң-Көлдүктөр эмес жалпы районубуздун эли сүйүнгөн. Анан эмне, ошол Союздун он беш республикасынын ичинде үчтүн бири болуп өлкөбүздөн өзүбүздүн Ыраң-Көлдүктөр жеңип чыгып, мөөрөй утуп жатса ким кубанбасын! Анткени, эл-жердин намысын коргойт деген ошол да!

 

 

Мына колумдагы гезитте дал ошол тарыхый окуя жөнүндө жазылган. Бул элүү жылдык өмүрү бар гезитти 1967-жылдан бери катып жүрөм. Анткени, бул гезит бир эле Ыраң-Көлдүн эмес, жалпы элибиздин тарыхы, алардын күжүрмөн эмгегинин тарыхы,-”деп маегин аяктады ардагер агабыз. Ооба, калетсиз сөз! Ырас, басма сөз, жазма сөз демекчи, булар-улуу тарыхтын изин кийинки муундарга калтыруучу улуу муундун табериги экендиги чындык. Мындай жеңиштерди Мургаб районубуздун ар бир айылынын эли, калкы жараткан, жаратууда жана жарата да бермекчи. Албетте, мындай маанилүү окуяларга ар бирибиз терең маани берүүбүз гана керектигин, ошондо гана эли-жерибиздин өткөн тарыхы унутулбай, келечек муундарга өрнөк болоруна ишендим.

 

-Ыракмат, урматтуу Тешебай (Шамши) ага, ошол эл эмгегин баалап, районубуздун гезитин-эл тарыхын барктап, келечек муунга сактап жүргөнүңүзгө ыракмат! Ылайым бар болуңуз!

 

Гожомберди Н.С.

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены