Дил баян: Коомду түйшөлткөн коронавирус

Дил баян: Коомду түйшөлткөн коронавирус

Кеп учугун эмнеден баштасам деп ойлонуп жатам. Оор сыноону көргөн карапайым элденби ? Же ооруу менен ойношкон даарыканаларданбы ? Же баягы эле чабал өкүмөттөнбү? Жок мен сөздү эч нерсени эске албай бейкутчулукта жашаган оор сыноо келседа али уйкудан ойгоно элек калың журттан баштайын. Мен деле көпчулүктүн катарында эч нерсеге баам салбапмын. Баягы эле жашоо өз нугун бузбай баарыбыз ушинтип эле жыргап жашайт турбайбызбы деген кыска ой менен өмүр кечирип жаткам. Элиме келген каран түн жөнүндө түш көрүп да койбоптурмун.

 

Анда кеп башынан болсун. Биз кыргыздар жөнөкөй, меймандос элбиз биздин жүрүм турумубуз жана кыялыбызда ошондой калыптанып калган эч нерседен бейкапар. Баарыбыз тынч жашоону кечирип жатканбыз, дүйнөнү каптаган бул илдет жөнүндө маалыматыбыз болсода, интернет желесинен көрсөкда, бизге ушунчалык тез келип көпчүлүктүн шайын оодарарын эске да албасак керек. Бул күнгө чейин кыргыздын жашоосу кандай эле ? Албетте шүгүрчүлүк менен айтабыз жакшы жана сонун деп. Той топурларды, чыгаша кирешелерди, ашыкча салттарды жана баягы эле зеениңди кейиткен үй бүлө же ажырашуу маселесин эске албаганда бир татынакай жашоо өкүм сүрүп турган. Вирустук ооруу жетери менен жашообузда коркунучтар пайда болуп, 90% пайызга өзгөрүүгө дуушар болдук. Ооба бул ооруга кайсы бир деңгээлде ырахмат дагы айтса болот албетте бул сыноо иретинде. Ойлонуубуз күчөдү, үй бүлө деген чакан мамлекетибиз кымбат экенин билдик, балабыздын күнүмдүк жашоосун дурустап түшүнүп, кошуналар менен болгон мамиле чыңдалып, айылыбыздын барктуу экенин, дале болсо айылдын кой, уй, ыссык дандыр нан жыттанган жашоосун бир ирет эскерип келдик. Кайрымдуу болуп, бөлүшүшүп жеген нандын даамдуу экенин сездик. Ал эми өкүнүчтүү жагы болсо канчалаган жаш өмүрлөр кыйылып, не бир кайталангыс таланттар, не бир өмүр сакчысы, тарбия ээси болгон алтын мугалимдерибиз, ааламга белгилүү аалымдарыбыз, эр жүрөк аскер адамдарынан айрылып тукум курутчулук болуп баратканы өкүндүрүпда жатты. Коронавирус адамзат асыл жан экенин билгиле дегендей мааниде сабак берип өткөнгө дагы жетишти. Биз алсыз экенибиздибаардык нерсе жараткандан гана болорун баарыбыз эсибизге бышыктап түйүп калдык окшойт. Ден – соолуктун амандыгын тилеп, эл алдында табийгий жөтлөлүү менен чүчкүрүүдөн сестенип калдык. Бул дагы болсо кооптонуу жаратты. Аманчылыкта жүз көрүшкөн улуу нейматтын баркына жеттик. Ошондой оор кырдалда капчыгын калындаткан айрымдарыбыздагы арабыздан чыгып жатты. Өкүмөт өзү баш болуп, элибизде учу кур эмес мекенчил уул кыздарыбыз баары биригип кызматын аябай тик турду Кыргызстан үчүн. Аларга алкыш. Азыркы учурда бул оор сыноонун акыркы баратарына жетип олтурабыз, ошондой болсо да бүгүнкү күндө артагы оор күндөрдү тез эле унутуп картеж менен той баштаган, анча мынча акчасына көпкөн элин бир аз ойлобогон кыңыр иштерге айласыздан “ Уфф ”деп үшкүрүнөсүң. Биздин алдыбыздагы дагы бир чоң сыноо аты жаман таажы ылаңынан алган сабактарыбызга амал кылып баары жараткандан экенине ынанып калкыбызга, бейиштей көрктүү жерибизге, тынчылык тилеп мекенге ак кызмат кылуу.

 

- Элибизди суук сөздөн, жерибизди суук көздөн сактасын, жараткан жаман оорудан алыс кылып, өлкөбүздө бакубат жашоо өкүм сүрсүн.

Эгемендүү Кыргызстан майрамын менен.

 

Шаджанов Адахам-Жусуп Исмаилович

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены