Чоң атамды эскерип, элесине таазим

"Аталар күнүндө чоң атамды эстөө бир оңой да, бир ошончо кыйын да.

Оңой дегеним ал туралуу эсимде көп нерселер бар, анын жуткан абасын мен да жуттум, колуна суу куйдум, алдына ар дайым отурган көрпөчөсүн салдым, дасторконуна тамак ташыдым, оруган бутун кармадым.


Мындан тышкары чоң атам кандай адам болгонун китептерден, башкалардын сөздөрүнөн кийин да билдим. 


Чоң атам Рахманкул хан элине жол көрсөткөн башчы, чындык үчүн күрөшкөн, душмандарынын жүрөгүнө корку салган баатыр, элинин аң-сезимин ойготкон акылман, ата бабалардын салтын сактоочу ошондой эле жакшы нерселерди негиздечүү, кудайга моюн сунган, акыйкатты колдогон эл башчы, жүрөгү менен дасторкону ар адамга ачык, март жана айкөл, элинин дартын ойлогон, акыркы демине чейин элим деген кичи пейил, сүрдүү жана сыпаттуу, журттун атасы, Памирдин коргоочусу, Кыргуздардын акыркы ханы болгон".- Курбанбек Кутлу


 

CHon atam Raxmankul xan 2 CHon atam Raxmankul xan 3
CHon atam Raxmankul xan 5 CHon atam Raxmankul xan 4
CHon atam Raxmankul xan 7 CHon atam Raxmankul xan 6

 

KurbanbekКурбанбек Кутлу

Памир - Туркия

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены