Биз өткөндү унутууга акыбыз жок

Биз өткөндү унутууга акыбыз жок

2002-жылдын май айында ,айтылуу Ак-Суу жеринде, Кызыл-Рабаттын белинде Оогандык кыргыз туугандар менен Мургаб районунун эли атайын соода сатык жармаркасын өткөзөт. Ушул иш чарага кете жаткан Газ-66 унаасы ашууда аварияга учурап Токтомуш айылынын төрт тургуну 1968- жылы туулган Халиков Ахматали, 1962-жылы туулган Маманиязов Гожояр, 1976-жылы туулган Калмурзаев Эмилбек, 1971-жылы туулган Бакиров Бейше аттуу жердештерибиз каза болгон.

 

Аттиң арман дүйнө, ушул жылдыздай жанган төрт жигитти артында калган ата энелери, өмүрлүк жубайлары, уул кыздары, классташ достору, бир туугандары жана жалпы Ак-Суу эли унутпайт. Дайыма эскеришет, сөз кылышат, сагынышат, арман кылышат. Эч ким, эч качан, эч нерсе унутулбайт!

 

Алла бейиштен жай берсин. Сиздердин жаркын элесиңиздер жалпы Ак-Суу элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!

 

              I

Солоңгурдун ашуусу

Мамыры өсүп кулпурат

Саамайга урса салкын жел

Таноону жарып буркурайт

Гүнжүбайдын ашуусу

Гүл төшөлүп кулпунат

Дамыгып турам далайга

Жүрөгүм туйлай булкунат

Кызылрабат ашуусу

Кыялай басчу бел болот

Мөңгүдөн кийик суу ичкен

Кызыгы бүтпөс жер болот

Айтылуу Ак-Суу жеринде

Ушул Кызыл-Рабаттын белинде

Кайберен баскан кыяда

Бийиктеп учкан куш болгон

Алладан тагдыр туш болгон

Аңтарылып машине

Аттиң ай кырсык иш болгон

Алтындай төрт жигиттен

Шум ажал келип айрылдык

Камчы сап болор кайрандар

Келбеске кеткен кайрылып

Алтымыш алты машине

Тоодон ылдый кулаган

Калың журт боздоп ошондо

Кайгырып сыздап ыйлаган

Жүк жүктөлгөн машине

Белден ылдый кулаган

Сай сөөгү сыздап калың эл

Жүзүнү жууп ыйлаган

Айларга жылдар курашып

Ал күндөр кеткен кыр ашып

Гүл соолуган жерлерге

Чөп чыкты кайра гүл ачып

                  II

Аталар сөзү нускабы

Аттиң ай өмүр кыскабы

Кайгыны салып муунткан

Күндөрдүн болду ызгаары

Алмашып убакыт мүнөттөр

Элестер калды сүрөттөр

Кырсыктан аман калгандар

Азыр да эстеп жүрөттөр

Кара жер таш боор тойбойбу

Унутуп салуу оңойбу

Кырчындай аттиң жигиттер

Уул кызың азыр чоңойду

Чырпыгың өсүп шак болду

Мөмөлүү дарак бак болду

Кетсе да узап көп жылдар

Жүрөктө калган так болду

Жаш туруп аттиң соолдуңар

Жаннаттан болсун ордуңар

Кырчындай кезде соолдуңар

Бейиште болсун ордуңар

Кызылрабаттын белинде

Кызыл гүл өсөт буралып

Үзүлбөйт өмүр учугу

Жашоого үмүт уланып

Солоңгурдун белине

Сары гүл өсөт буралып

Соолубайт өмүр булагы

Жашоого үмүт уланып

Гүнжүбайдын белине

Түркүн гүл өсөт буралып

Токтобойт өмүр кербени

Алдыга жылат чубалып.

Соолбос өмүр булагы

Өмүргө үмүт уланып

                      -//-

 

Өскөнбай Бердибаев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены