Ө.Бердибаев Орто Азия жазуучулар союзунун мүчөсү (сүрөт)

Ө.Бердибаев Орто Азия жазуучулар союзунун  мүчөсү (сүрөт)

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү, жердешибиз Өскөнбай Бердибаев 20 февраль күнү Ош шаарында “Янги Овоз” Орто Азия жазуучулар союзунун мүчөсү болду. Жердешибизге “Янги Овоз” Орто Азия жазуучулар союзунун Оштогу төрагасы Жолдошбек Монолдоров өзү күбөлүк жана значогун салтанаттуу тапшырды.

 

Бердибаев Өскөнбай Чөжөевич 1982-жылдын 7-октябрында Тадж ССРинин Мургаб районуна караштуу Сары-Могол айылында туулган. Ата-энесинин жумушуна байланыштуу Мургаб районунун Көөнө-Коргон айылына көчүп келишип, ушул айылда Хусеинбаев атындагы № 5 орто мектебин бүтүргөн, ыр-жазууга болгон дилгирлиги мектепте окуп жүргөн мезгилинен башталган.

 

Ө.Бердибаевдин “Курманжан-Датка”, “Сарыкол санжырасы”, “Сарыкол кайрыктары”, “Кыл чокуда-кыргыз ханы” аттуу дастандары жана ырлары көптөгөн изданияларда басылып келүүдө. Оштон басылып чыккан “Түндүк” аттуу ыр китеби окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.

 

Үй-бүлөлүү, 7 баланын атасы. Учурда Сары-Могол айылында жашап келет.

 

berdibaev-orto-aziia-zhazuuchular-soiuzunun 2 berdibaev-orto-aziia-zhazuuchular-soiuzunun 3
berdibaev-orto-aziia-zhazuuchular-soiuzunun 4 berdibaev-orto-aziia-zhazuuchular-soiuzunun 5

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены