Баратам бакыт издеп Памир көздөй

Баратам бакыт издеп Памир көздөй

Сааты мезгилдердин санап алар,

Сай-суудан сапар улай араң-араң.

Тарыхтын таш жолдорун басып өттү,

Талыкпай тагдыр тарткан арабалар.

Памирдин тоо жолдору асман чоку,

Тарыхта талыкпаган арабалар !

 

Аталарыбыздын айтуусу боюнча, Памир жолу бул улуу тоолордун аралап өткөн эски тарыхый жол.Бул жолдор тээ илгертен эле ат төө менен улуу тоолорду аралап Кашкарга ,Мисирге, Кабулга, Гиссарга, жана башка көптөгөн шаарларга кербендер соода сатык кылып келген айтылуу "Улуу жибек жолу" дал ушул жолдор болгон экен. Кийин СССРдин доорунда бул эски кербен жолу чоңойтулуп-кеңейтилип , "Памир Авто Трести " "ПАТУ" болуп кайра салынып , жаңыдан жанданган экен.

 

Оо биринчи ал кезде орустун алгачкы чыккан машиналары " Полуторка" лары кылдырап эптеп ,бир канча күндө Оштон-Мургапка жетчү экен. Арадан бир канча жылдар өтүп айтылуу "Зил "көк кашка автомобилдери келе баштаптыр , Памир -Ош жолунда аркырап зилдердин үнү тоолордо жаңырып , тоо арасында бир өзгөчө жаңылык ошол дал ошол "Көк Кашка" зилдин үн-авазы менен кошо учуп келгенсип сезиле берет мага.

 

Биз эс тарткан кезибизде Ош-Памир жолу күндө күүлдөгөн зилдер, ал мезгилде аркан тарткандай каттап турчу.

 

Ошол жылдары Памирге каттаган айдоочулар улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармасындагы Ильяз сыяктуу сезиле берет эле мага . Биз баарыбыз ошол тоо жолунда ЗИЛ көрсөк ырдайт элек: "Мен азыр кайкып учкан аккуу сымал, баратам бакыт издеп Памир көздөй " деген ыр саптары ошол Памирдеги айдоочуларды кудум бакыт издеп Памир тоолорунун үстүндө учуп бараткан куштар сыяктуу сезилер эле. Эх чиркин анда биз бала кезибиз , балалык кыялыбызда биз да "ЗИЛ" айдасак Ош-Памир жолунда сапар тартып баратсак деп кыялданар элек.

 

Кийин СССР кулагандан кийин Памирге жүк тарткан зилдер да акырындан токтоп калды.

 

Тоо арасы жымжырт , мурдагыдай күүлдөп күндө ары-бери өткөн автомашиналар көзгө урунбайт .Бирин серин сапар улаган машиналар өтүп калды. Биздин балалык кыялдар ошентип , СССР менен кошо кыйрагансыды.

 

Андан кийин канча мезгилдер өттү ,канча суулар акты.

 

Учурда эки өлкөнүн ортосундагы чек-ара маселесинен улам , Памир-Ош жолу кан буугандай тосулган .Каттоо жок ,жол жабык .Улуу тоолорду аралап кеткен , бул жолдор кыйрап талкаланган .Тээ илгери жоголуп,анан унутулган буюм сыяктуу азыр бул жолду эч ким эстебейт.

 

Менин гана балалык кыялымда тээ памир тоолорун аралап ,көк кашка "ЗИЛ" айдап Иляз ашууда бара жатат.

"Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,

Келээрмин аман болсом да бир көксөп.

Азыр мен жалгыз учкан, ак-куу болуп,

Баратам бакыт издеп Памир көздөй."

А менин кулагыма кайра-кайра тоо арасындагы бараткан зилдин үнүнө кошулуп, ушул ыр түбөлүккө жаңыра берет, жаңыра берет !


Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены