Ардактуу атабыз Асылбек Атабаев

Ардактуу атабыз Асылбек Атабаев

Сизди 19-июль 57-жашка толгон кутман курагыңыз менен куттуктайбыз !


Дайыма жүзүңүздөн күлкү кетпесин, кайгы башыңызга келбесин, тоодой бекем ден соолук берсин.

Сизге узун өмүр, таза көңүл, чың ден-соолук, кажыбас кайрат каалоо менен ардактуу апабыз менен бактылуу өмүр сүрүп, биздин, небрелериңиздин жана бардык тууган уруктарыңыздын жакшылыгын көрүп, үйүбүздүн көркү болуп жүрө бериң ! Ушул ыр саптарды сизге арнайбыз.


Мен үчүн эң ыйык ата - мекен,

Андан соң сыйынаарым сиз атакем,

Бала деп согот дайым жүрөгүңүз.

Аталык мээримиңе жоктур ченем.

 

Мен сизди асмандагы күнгө теңейм,

Ааламга нурун тегиз чачып турган,

Мен сизди толуп турган айга теңейм.

Шооласы түндү дагы жарык кылган.

Дайым бизге камкордук көрүп келген,

Мээр менен тарбиясын кошо берген,

Мээнетиң сүрөттөөгө сөз таба албайм,

Бакытым,бүт барлыгым сиз атакем.

 

Сиздеги мен баалаган сапаттардан,

Сиңсе экен бизге өтүп кандан,

Сыйыбызды апам экөөң тең көргүлө,

Сурайбыз балдарыңыз жараткандан! .


Жан кызыңыз Айпери,

уулдарыңыз, небрелериңиз.

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены