Аалам чокусундагы аруу ойлор

Аалам чокусундагы аруу ойлор

Ассалому алейкум (арыба) Ак-мөңгүлүү асман чоку Ак-Байтал! Мен өзүңө бүгүн кайрылып келдим! Мен сенден кеткенимде жеңил болду, бийиктиктен төмөн түшүү жеңил эмеспи. Артымдан шамал айдап жорголой жортуп кеткем. Бирок келерим оор болду...


Төмөндөн бийиктикке көтөрүлүү албетте ары түйшүктүү машакаттуу экен. Кудайга шүгүр не күндөрдү баштан өткөрсөм да, эсен соо бүгүн өзүңдөмүн.

Оо асман чоку Ак-Байтал мен сенден кетеримде наристе элем, аруу таза элем. Оуу мен адам баласы сенден узап эмнелерди баштан кечирип, эмнелерди гана көрбөдүм. Турмуш жолунда айрылдым, тешилдим, жешилдим, сындым, мокодум, кагылдым, согулдум, бар болдум, жок болдум, ач болдум, ток болдум.


Мен бийик ашууңдан ашканда элтеңдеген боз бала элем, эми минтип чачымды ак аралаганда келип отурам. Бийиктигиңе , аруулугуңа, улуулугуңа миң ирет таазим кылып отурам!

Оо менин сүйүктүүм кыргыз жыттанган тарых санжыралуу, сырдуу сыйкырдуу Ак-Байталым менин! Айтчы, айтып берчи, канча кылым жашадың?

Мен сыяктуу өзүңө тооп кылып, жан-дүйнөсүндөгү жан-сырын айтканы кимдер келди?


Тоо арасындагы жашаган адамдардын, кайгы кубанычына, азап-шоруна, ыр-күлкүсүнө, жыргал күндөрүнө өзүң күбөсүң. Шамалы аркыраган дүйнөнүн чокусунда, түбөлүк ак-мөңгүңдү жаркыратып, ашуу жолуңда кимдерди узатып кимдерди тосуп алдың?

Сан миңдеген, миллиондогон жолоочулар, ар-түрдүү тагдыр айдап бийик ашууңду ашып өттү, өтүп жатат, өтө берет, түбөлүккө өтө бермекчи.


Оо касиеттүү Ак-Байталым сенин ашуу бийиктигиңде күүлдөгөн машиненин үнү жаңырып, мен сыяктуу жолоочулар (өмүр жолоочулары) алда не ойлорго сүңгүп, кыялында чексиздикке учуп бараткансып чайпалып термелет.


А менин тоолук денем, кыялым, сезимим, мүнөзүм ашууңдун так чокусуна чыгып баратканда бүткүл ааламдын, Орто Азиянын үстүндө космостон айга карай учуп барткансыйт.

Ак-Байталым акылым жетишинче, алым жетишинче, керемет күчүңдү, бийиктигиңди, улуулгунду, ак кагазга түшүрүүгө аракет кылдым. Албетте тоолукмун да тоону сагынганда кыялданган өзгөчө.


Ассалому алейкум! Ак мөңгүлүү асман чокусундагы ашуу "Ак-Байтал " мен бүгүн сырымды айтканы сага келдим!


Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены