Райондун борборунда - желек күнү майрамы

Райондун борборунда - желек күнү майрамы

Мургаб районунун борборунда өлкөнүн Желек майрамы болуп өттү.

Бул иш чара өлкөбүздүн желек-байрактары менен кооздолгон райондун тургундарынын өздүк автоунааларынын, балдардын велосипеддеринин колоннасынын жүрүшү менен башталып, борбор ичи майрамдык шаңга бөлөндү.

 

Майрам күндөрү районубуздун көчөлөрү, мекеме-уюмдары өлкөбүздүн желектери менен кооздолуп, бир башкача майрамдык көрктү берип турду. Каз катар тизилген автоунаалар, балдардын вело-колоналары райондук Өкмөттөн өз жүрүштөрүн баштап, raiondun-borborunda-zhelek-k-n-mairamy 2райондун борборун бир сыйра айланып өтүштү.

 

Андан кийин райондук борбордук китепканада өлкөбүздүн Желек майрамына арналган чоң салтанат болуп өттү. Салтанатка райондун мекеме-уюмдарынын жетекчилери, калк өкүл- дөрү, жаштары жана мектеп окуучулары катышты.

 

Бул салтанаттуу жыйында Мургаб райондун төрагасынын биринчи орун басары Исрор Исроров өлкөнүн Желек майрамы боюнча сөз сүйлөп, эгемендүү өлкөбүздүн Желек Күнү майрамына, анын тарыхына, бул майрамдын маани-маңызына токтолуп кеңири токтолду жана бул майрам менен өзүнүн атынан, райондук Өкмөттүн жана райондун төрагасынын атынан катышуучуларды кызуу куттуктап, райондун калкына, жашоочуларына берекелүү жашоо, токчулук, тынчылык каалады.

 

Андан соң Улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, улуу урматтуу Президентибиз Эмомали Рахмондун көрөгөч жана акылман саясатынын негизинде бул күндөрдөгү Мургаб районундагы социалдык-экономикалык өнүгүүлөрү, күн санап болуп жаткан өзгөрүүлөргө кеңири токтолуп, далилдүү фактылар менен тастыктады.

 

Өлкөнүн Желек майрамына арналган салтанаттуу иш чара райондук маданий үйүнүн артистеринин маанай көтөргөн шаңдуу ырлары, бийлери, күүлөрү менен коштолду.

 

Агай

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru