Кайберен акын

Кайберен акын

Замандын агымы менен кыргыз поэзиясы да цивилизациянын алкымына жутулуп, өзүнүн баштапкы бир касиетин, табиятын жоготуп бараткандай сезилет.


Жалпы журтчулук тоолордун таза абасындай, тунук суусундай сезимтал ырларды сагынды. Мына ушул учурда кыргыз поэзиясынын эшигин шарт ачып, бийик тоолордун сүрү жана сыры менен алыскы Памирден Өскөнбай Бердибаев аттуу акын жигит кирип келди. Анын чыгармаларында кыргыздын байыркы эс тутуму, жашоосу, бийиктиги, тереңдиги, алпейим аруу пейили оргуштап турганы чоң жаңылык болду. Бу технология кылымы адамзаттын башына кийилген шири болуп, ким экенин унуттуруп баратканынан, чындыгында биз табигый ойлордон да, табигый ырлардан да үмүт кылбай бараткан элек.


Өскөнбай ырларынын көбүн мекенге, туулган жерге арнаган. Албетте жанды эргиткен сүйүү ырлары да бар. Андай чыгармалары дагы адамды бир эргитип илгерки ата-бабаларыбыздын жүрөгү менен сүйгөндөй, фольклордук стилде жазылган. Анын өзгөчө бир ойлору да адамды ойлонтпой койбойт.


Сары жайык Кош-Агылдын талаасы,

Кайкы куштун кайберендин калаасы.

Эне уулу жүрөгүндө сүйгөндөй,

Жер да эненин болсо керек баласы.


Дагы бир ырында:

Жайытым суусу дары мүрөк болсо,

Жатагым кайберенге түнөк болду.

Жер-эне, аска-зоолор асман чоку,

Денеме согуп турган жүрөк болду, -деп, адам баласы туюп бирок, сөз менен жеткире албаган сезимдерди ырга салат.


Мекенди сүйүү деген эмне? Ушул суроого жооп табуу кыйын. Акындын поэзиясында Мекен сүйгөнүн атын айткандан аны ойлогондон тажабагандай эле, туулган жеринин атын атагандан тажабаган касиет. Агын суусу да, ташы да, кумдары да, бийик чокулары да, алп тоолору да анын айтып бүткүс махабатындай. Агыл-төгүл сезими ата-журту үчүн серпилип турат. Ал техникалык жашоодон тыш, адамдык табиятын тунук сактап калган Мургаптын таза дүйнөсүнүн кучагында эргип төгүлүп, өткөн доорлордун руханий көөнө байлыгын жүрөгүнө толтуруп, сезимтал дүйнөсү бүткүл фольклорго айланып каныкканы менен баалуу, аруу жана таң калыштуу.


Мургап Памир мекендеген кыргыздар,

Мунар тоодон жанып өчкөн жылдыздар.

Шамалы күч шагыл таштуу жолдон соң,

Кайберенге катарлашкан турмуш бар, - деп өзү жазгандай Өскөнбай Бердибаев кыргыз поэзиясынын аска-зоосунда көрүнүп- көрүнбөгөн, билинип-билинбеген, ойдун бүрүн, сөздүн гүлүн терип, өзү менен өзү акындык тагдыр күтүп жашап жүргөн кайберен акын. Памирдин бийиктигинен жакага түшүп келген акынды үркүтүп албай, чочутуп албай, анын кайберенге катарлаш бийик жан-дүйнөсүн жоготпосок экен.


Памирдин чокусунда жүргөн аруу жанга Поэзиянын да чокуларын буюрсун ! 

Мен сени "Кайберен акын" деп атадым. Ак жолуң ачылсын.


kaiberen-akyn 2Республикалык "Алтын калем" 
сыйлыгынын лауреаты,
акын Кыял Тажиева

Дополнительная информация

Автор:
Акын Кыял Тажиева
Источник:
http://www.sary-kol.ru/

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены