Жашоонун заманбап эрежелери

Жашоонун заманбап эрежелери

Бүгүнкү заманбап жашоодо этикеттин эрежелерин билген адам маданияттуу жана билимдүү адам болуп эсептелинет. Ал бардык жерде өзүн ишенимдүү алып жүрө алат жана ким менен болбосун, натыйжалуу сүйлөшүү жүргүзө алат.

1. Атырды пайдалануунун алтын эрежеси – чектен чыкпоо. Конокто отурганда эгерде өз атырыңыздын жыты өзүңүзгө жыттанып жатса, башкалар сиздин атырыңыздан тумчугуп араң отурушат деп билиңиз.

2. Ресторанга биринчи болуп эркек кирет. Бул анын бүгүнкү кеченин демилгечиси болгонунан, ресторандын акчасын ал төлөй турганынан кабар берет.

3. Кино, театр, концертте ордуңузга өтөрдө отургандарга артыңызды салбай, алдыңыз менен өтүңүз. Мында да биринчи эркек өтөт.

4. Көчөдө эркек аялдын сол жагында жүрүүгө тийиш. Аскер адамдары гана оң жакта жүрсө болот, анткени алар аскердик саламдашууга дайыма даяр болушу керек.

5. Конокто отурганда телефонуңузду столдун үстүнө койбоңуз. Мындай кылуу менен сиз үчүн алар менен отуруу кызыксыз экенинен, каалаган мүнөтүңүздө телефонуңузду алып социалдык тармактарга кирип кетүүгө даяр экениңизден кабар бересиз. Эгерде маанилүү коңгуроо күтүп жаткан болсоңуз, телефондун экранын столду каратып койгонго уруксат.

6. Телефонго чакыруу келгенде экинчи же үчүнчү коңгуроодон кийин жооп берген талапка ылайык. Сизге чалып жаткан адам оюн топтоп алганга үлгүрсүн.

7. Сүйлөшүп жатканда байланыш үзүлүп калса, кайра биринчи чалган адам чалат.

8. Конокко сөзсүз түрдө чалып туруп, анан барыңыз. Эгерде эскертүүсүз барсаңыз, үй ээси да, өзүңүз да ыңгайсыз абалга туш болуп калышыңыздар мүмкүн. Бир британиялык леди чакырылбаган коноктордон сактанып үйүндө такай шляпа, туфли кийип жүрчү экен. Алардын өзүнө жакканын: «Ырас болбодубу, мен жаңы эле үйгө келдим эле», - деп тосуп алып, жакпаганын: «Өкүнүчтүү, мен үйдөн чыгып бараттым эле», - деп узатып койчу экен.

9. Дааратканада кол алышып учурашпайт.

10. Тепкич менен түшүп баратканда эркек аялдан бир-эки тепкич алдыда жүрөт, а чыгып баратканда бир-эки тепкич артта жүрөт.

11. Тамеки чекпегендердин жанында алардан уруксат суроо менен гана тамеки түтөтүңүз.

12. Коомдук унаада эркек аялга, жашы боюнча кичүү адам улууга орун бошотот. Аял өзүнөн бир нече жаш улуу болсо да эркекке орун бошотпойт.

13. Эркек коомдук унаадан биринчи болуп түшүп, артынан түшкөн аялына жардамдашууга тийиш.

14. Конокко чакырган адамга «дагы кимдер болот?» деп суроо узатуу маданияттуулукка жатпайт.

15. Эгерде коноктон эрте кетүүгө туура келсе, конок ээсине гана шартыңызды түшүндүрүп, коштошуп кете бериңиз. Отургандардын баарына жарыя кылып, көңүлдөрүн өзүңүзгө буруу менен «болду эми, силер да үйүңөргө кеткиле» деген белги берген болуп каласыз.