Тоңдурулган жашылча, жемиш жана мөмө

Тоңдурулган жашылча, жемиш жана мөмө

Тоңдурулган жашылча, жемиш жана мөмө - атайын даярдалган картон кагазга салынып, целлофанга оролуп, төмөнкү температурада (-18Сден 35Сге чейин) тез тоңдурулган жаңы жашылча, жемиш жана мөмөлөр. Тез тоңдуруудан продуктунун ткань түзүмү, аш болумдуу сапаты жана сырткы көрүнүшү бузулбайт. Тоңдуруудан тез бузулуп кетүүчү жаңы жашылча, жемиш жана мөмөлөрдүн керектелүү мөөнөтү узарат. Даамы, жыты, өңү, аш болумдуулугу жана витаминдердин сакталышы боюнча жаңы үзүп тоңдурулган продуктулар жаңы продуктулардан анча-мынча эле айырмаланат, аларды жылдын бардык мезгилинде керектөөгө болот. Айрыкча жазында же жайдын башталышында - башка жаңы жашылчалар, жер-жемиштер аз мезгилде тамактануу үчүн өтө пайдалуу жана баалуу.

 

Тоңдурулган жашылчалар. Буларды үй шартында керектөө үчүн дагы жууп, тазалоонун, тууроонун кажети жок. Демек, бул ар кандай тамактарды жасоо үчүн бир топ убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Тоңдурулган жашылчаларды муздаткычта (эрип калган жашылчаларды сактоого болбойт) жол бербөө керек. Тоңдурулган жашылчаларды тоңун эритпей эле кайнак сууга салып бышыруу сунуш кылынат. Алар жаңы жашылчаларга караганда болжол менен 3 эсе тезирээк бышат. Мындай тез бышырууда алардын даамы, жыты, өңү жана витаминдери жакшы сакталат. Көбүрөөк таркаган тоңдурулуучу жашылчалар б.а. көк буурчак, кабыктуу төө бурчак, суюк тамакка керектелүүчү жашылчалар, ошондой эле курамында томат, таттуу калемпир, көк буурчак, кабыктуу төө буурчак, көк татымал кошулган жашылчалардын аралашмасы - "Гювеч". Бул аралашмага картошка кошуп, тез арада суюк тамак, ошондой эле коюу тамакка гарнир жасоого болот.

 

Тоңдурулган жемиш жана мөмө. Бышкан, жогорку сапаттагы, тандалган жемиш менен мөмөлөр (кызылгат, кайналы, алча, карагат, өрүк ж.б.), ошондой эле ар кандай катыштагы жемиштердин аралашмасы тоңдурулат. Тоңдурулган жемиштер менен мөмөлөрдү керектөө алдында тоңун толук эритпөө керек, аларды чала тоңдурулган абалда (продуктунун температурасын 00Сге жакындатып) дасторконго койгон жакшы. Жемиш менен мөмөнү бөлмө температурасында табигый жол менен гана эритүү (2 градустан 4 градуска чейин) керек, эч качан отко коюп же кайнак суу менен жылытууга болбойт, анткени жасалма жол менен тез эриткенде алар бузулуп, ширесин, табигый өңүн жоготуп, чүрүшүп калат. Эритилген жемиш ширеде бир күндөн ашык сакталбайт, аларды жылуу жерге сактоого болбойт; ачый баштаган (көбүрүп, спирт жыттанган) жемиш менен мөмөнү жебөө керек. Жаңы тоңдурулган жемиш менен мөмөлөрдөн компот, жемиш салатын, мусс, жем, кисель ж.б. жасоого болот.