Мирбек Атабеков "Мен сени суйом омур"

Комментарий

Чинар Калыбекова. Актриса, акын - драматург

Суббота, 26 Мая 2018 20:19

"МЕН СЕНИ СҮЙӨМ ӨМҮР" Сөзү: Жадыра Байбуланова, Обону: Роза Алкожа. Бар болгула!!! Бар болгул!!! Мурун укканда бир толкугам. Мына ушул сөздөн баштагым келди. ӨМҮРдү миң сайрап, миң какшасакда Жараткандын насибинен ашык бербеси чын. Бул ырды канча эзилсем, ошончо эргип тажабай укчу болдум. Деген менен ырлар көп эле жаралып жатат. Баскан кадамың ыр. Ал эми жан дүйнөңдү козгоп, жанчып, жанчып, эсиңде түбөлүк калчулары аз. Андай ырдарды жандын ырахаты дегим келет. Аны менен жашайсың, уктап ойгоносуң, эргийсиң, ошол эле учурда бүтүндөй ааламга сиңип кеткендей болосун. Анан кайра жараласың! Мындай ырлар түбөлүктүү!!! Алтынай! Мирбек! Силерге миң ырахмат айткым келет. Кайдан келбесин, кайда жаралбасын силер бул ырга өлбөс өмүр берип, кайрадан жараткандай болдуңар. Казак менен кыргыз бир тууган. Ырдаган ырларыбыз бирдей. Жаратканым ынтымак, ырыскысын аябасын!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены