Жыл жыйынтыкталып, жаңы милдеттер тапшырылды

Жыл жыйынтыкталып, жаңы милдеттер тапшырылды

Январь айында мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органы тарабынан 2018-жыл ичинде райондун социалдык, маданий жана экономикалык иштеринин абалына арналган атайын кеңешме болуп өттү. Кеңешмени Мургаб районунун төрагасы Мурзабай Жоошбаев алып барды. Кеңешмеге Мургаб районунун куратору Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн жаратылышты коргоо комитетинин төрагасы Хайрулло Ибодзода катышты.


Кеңешменин маселеси каралар алдын райондун төрагасы Жоошбаев Мурзабай сөздү Мургаб районунун куратору Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн жаратылышты коргоо комитетинин төрагасы Хайрулло Ибодзодага берди. Ал өз сөзүндө Тынчтыктын жана Улуттук биримдиктин негиз- дөөчүсү, Улут Ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун 26-декабрда 2018-жылы Мажилиси Оли жана Мажилиси Намояндагон депутаттарына кайрылган Кайрылуусу боюнча кеңири билдирүү жасап, 2019-2021-жылдарда “Айылдарды, туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылдары” деп жарыялаганын белгилеп, бул жылдар ичинде райондун, айылдардын өнүгүүсүнө жана көрктөндүрүүгө жардам көрсөтөрүн айтып, жамаатарды өнүктүрүүдө ар тараптуу иш чараларды кабыл алып райондук Жергиликтүү мамлекеттик бийликтин аткаруу органынын менен бирдикте иш алып баруулары боюнча жамааттын төрагаларына тапшырды.


Андан соң жергиликтүү мамлекеттик бийликтин аткаруу органынын 2018-жыл ичинде алып барган жыйынтыгы боюнча райондун төрагасынын аппаратынын экономика бөлүмүнүн башчысы Абылкасым Козубеков билдирүү жасады. Билдирүүдө белгиленгендей жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 103 пайызга аткарылган, башкача айтканда планда белгиленген 4237,400 сомони болго, анын аткарылышы 4356, 105 сомони болуп, 118705 сомониге ашыкча аткарылган. Салыктын айрым түрлөрү боюнча пландары белгиленди. Алсак социалдык план 84 пайызга, ал эми бюджет план боюнча 5420000 сомони болсо, анын аткарылышы 4554177 сомониге анын ичинен салык планы 79 пайызга, бюджеттен тышкаркы салык 102 пайызга аткарылган.


Жыл ичинде райондун чарбасынын бир катар тармактарды алгылыктуу жетишкендиктер бар экендиктери белгиленди. Алсак райондун чарбагери тарабынан 22389 эт, 15416 сүт, 373 жүн центрде өнүктүрүлгөн. Жалпы район боюнча мүйүздүү малдын башы 20134 гө, ал эми майда малдын башы 81835ке жетишкен.


Андан тышкары жол оңдоо мамлекеттик уюму тарабына берилген план 2232029 сомони болсо, анын ичинен жол оңдоо иштерине 1340625 сомони сарпталган. 2018-жылда бир канча курулуштар ишке ашырылып, райондук социалдык-экономикалык жайлар ишке кирген. Буга мисал: сентябрь айында “Тажикстан” ГЭСи, Мургаб районунун мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын имараты, Табиатты коргоо мекемесинин имараты, Мургаб жамаатынын имараты жана Аличор жамаатындагы Базардара аймагында Күмүш цехи, ал эми райондук борбордук ооруканасынын санитардык эпидемиологиялык станциясынын жана төрөт үйүнүн имараты реконструкция болду. Ошондой эле Тажикстан Республикасынын жаратылышты коргоо комитети тарабынан райондун борборунда жана жамааттарда балдар аянтчалары курулуп, райондук маданий үйү музыкалык аспаптар менен камсыздалган жана Тажикстан Республикасынын Энергетика Министрлиги тарабынан Чечекти, Башгүмбөз айылдарынын тургун- дары күн чырак, сыналгы, муздаткыч менен ал эми Кызылрабат, Раңкөл, Каракөл жана Г.Бердибаев жамааттарында радио түйүнү коюлгандыгы белгиленди.


2018-жылга Тынчтыктын жана Улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут Ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон тарабынан 100 квота районго берилген, 77 мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан 47 бүтүрүүчү Таджикистан Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырылган. Ошондой эле 2018-жылы 29 студент жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктаган, бүтүп келген студенттердин 26 бүтүрүүчүсү иш менен камсыз болгон. Райондук борбордук оруканасына Тажикстандагы Индустан посольстову тарабынан бир заманбап тез жардам унаасы менен камсыз болгон. Жогоруда белгиленген жетишкендиктер менен бирдикте кээ бир тармактарда жетишпегендиктерге да көңүл бурулду, көзөмөлгө алуучу иштер бар экендиги көрсөтүлдү.


Жыл жыйынтыктарын талкуулоого Мургаб районунун төрагасы Мурзабай Жоошбаев райондун айрым уюм, мекеме жетекчилерине суроо-жооп менен кайрылып, жыл ичинде бүтпөй калган кемчиликтерге токтолду. Райондук коммуналдык ишканасынына Мургаб айылынын көчөлөрүн кечки жарык берүү лампочкалары менен камсыздоо боюнча проект бүгүнкү күнгөчө даярдалбаганына, көчөлөрдү тазалоо иштери начарлап кеткендигин жана кароосуз калган иттердин көбөйүшүн айтып өттү. Райондун ветеринардык жактан тейлөө ишканасынына чарбалар менен байланышып, мал оруусу боюнча керектелүүчү дарылар менен камсыздоосуна, Телеком уюмунун ишин жандандыруусуна, райондук Жол оңдоо уюмуна жамааттардын жолдорун сүдүрүп, ойулуп калган жолдор боюнча иштерди алып баруусун жана райондук “Тажикстан” ГЭСинин 2-агрегатынын орнотуу ишин бүтүрүп, райондун калкын электр жарыгы менен камсыз кылуу экендигин баса белгилеп, ал боюнча көз салуусуна токтолду. Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнө акыркы мезгилинде райондук билим берүү бөлүмү тарабынан алгылыктуу иш алып барбай жатканына токтолуп, бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын билимдери төмөн экендигин айтып, окуучулардын билим деңгээлин жогорлатуу үчүн билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп администрациясы алгылыктуу иш алып баруусун тапшырды. Ошондой эле мектептеги тажик тилиндеги китептерди кыргыз тилине которулуп жаткан китептерге мугалимдер тарабынан жардам көрсөтүү жана менталдык арифметика боюнча райондун борборундагы мектептерде жана жер-жерлердеги мектептерде уюштуруусун, мектептин санитардык абалын кароосун белгилеп, жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер менен байланышта болуусуна токтолду, себеби жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер окууларынан чыгып же таштап кеткен студенттер бар экендигин айтып, райондун борборунда экинчи жаңы балдар бакчасын ачуу боюнча билим берүү бөлүмүнө тапшырма берди.


Ал эле борбордук оорукана мекемесинин жетекчилерине, райондун жер-жерлердеги ооруу каналарыны дары дармектер менен камсыздоосун жана төрөт үйүнүн ремонтун тез арада бүтүрүүсүн тапшырды. Андан соң жамаат төрагаларына жер-жерлерде эл менен бирдикте иштерди алып баруусун тапшырды. Сөзүнүн акырында 2018-жылдын сентярь айында Тынчтыктын жана Улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут Ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун иш сапары менен районго келип кетүүсү боюнча иш-чараларга активтүү жардам көрсөткөндөрү үчүн мекеме уюмдардын жетекчилерине жана жамааттарга ыраазычылык билдирди.


Райондун төрагасы жыйынды аяктап жатып, райондун активтеринин атынан Хайрулло Ибодзодага район үчүн көргөн камкордугуна терең ыразычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, райондун борборунда шахмат федерациясынын имараты Хайрулло Ибодзода тарабынан куруларын айтып өттү. Ошондой эле төрага мекеме уюмдардын жетекчилерине Тынчтыктын жана Улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут Ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун, Тажикстан Өкмөтүнүн саясатын колдоо менен бирге алдыда турган милдеттерди жоопкерчилик менен аткарууга чакырып, Тынчтыктын жана Улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут Ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун 26-декабрь 2018-жылдагы Кайрылуусунан келип чыккан милдеттерди жана “2019-2021-жылдар айылдарды, туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылдарын” жогорку деңгээлде иш алып барып, аны өткөрүүгө ишеничи бар экенин айтты.


ИСРАИЛОВ НУСРАТИЛДА

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены