Жергиликтүү гезитибиз - тарых булагынын башаты

Жергиликтүү гезитибиз - тарых булагынын башаты

Урматтуу окурмандар жана гезитибиздин күйөрмандары!

 

Мына эми, 2016-жыл өз сапарын карытып, Жаңы 2017-жылдын босогосуна жетип келдик. Ушул арада Сиздерге гезитибиз тууралуу азыноолак кеп-сөз салып, бул күндөгү абалынан кабар берип коюуну туура көрдүм.

 

Бул өтүп бараткан жыл ичинде , кудайга шүгүр, гезитибиз 18-март 2016-жылы кайрадан (№0069 РЗ) каттоодон өттү.Гезитке болгон жаңыча талап көз караштар пайда болуп, бул ачык-айкын байкалууда. Районубуздун мамлекеттик бийлигинен тарта, элибиз, мекеме-уюмдары колдоо менен, эң негизгиси гезитибиздин көптөгөн окурмандары жаш-кары дебей редакцияга келишип же телефон чалышып, өздөрүнүн баалуу каалоолорун, сын-сунуштарын айтышып, өздөрүнүн ойлорун ачык бөлүшкөндүгү -бул, азыркы гезитке болгон мамиленин, алардын окурмандык табиттеринин чагылышы болуу менен бир эсе кубандырса, экинчи жагынан бизге гезитибиздин заман талабына ылайык болуусуна чоң жоопкерчилик милдетин коюп жаткандыгынан кабар берүүдө.

 

Сиздерге белгилүү болгондой, райондук Өкмөтүбүздүн төрагасынын түздөн-түз колдоосу менен редакциябыз орун-очок таап, эшигине гезиттин дареги жазылган тактайчасын илип коюп, гезит кызматкерлери көчүк басып отуруп иштеген болуп калды. Редакциянын босогосун аттап, өздөрүнүн кеп-кеңештерин, же сын-сунуштарын айтып алууга баш баккан окурман-кардарлардан келди-кеттибиз болуп калган. Ушуга шүгүр кылып, келе жаткан жылыбызда да, «Сары кол» гезитибиз Биримдиктин жана тынчтыктын негиздөөчүсү, Улут ажосу өлкө Президентибиздин саясатын элге жеткирүү менен, Өкмөтүбүздүн, районубуздун коомдук-саясий, социалдык-маданий жаңылыктарын чагылдырып,эл чыгаандарынын күжүрмөн эмгектеринен кабарлап, гезиттин таасирлүү арышын кеңейтүүнү негизги максатыбыз деп билебиз. ”Сары кол” гезитибиз дагы Тажикистандын “Басма сөз жана башка ММК тууралуу” мыйзамынын чегинде өз ишмердүүлүгүн уланта бермекчи.

 

Ырас, “көч барып-барып сапарда түзөлөт” демекчи, өтүп бараткан жылыбызда бир эсе ийгиликтерибиз коштосо, кээде ордубузда “тыбырап” калган кездерибиз да болду. Ал эмес, түрдүү себептерге байланыштуу басылмабыздын кээ бир жагдайларында урунтуу көйгөйлөргө туш болуп, анын ичинде ишибиздин алга жылуусуна бөгөт коюууга, гезиттин аброюна шек келтирүүгө аракеттенген белгисиз “маалымат булактары” да пайда болгондугунан кабар жетип турду.

 

Алардын бири гезитибиздин кош тилдүү б. а. кыргыз жана тажик тилдериндеги макалалардын жарыланып туруусуна байланыштуу болгондугу баарына белгилүү. Бирок, дал ушул кош тилдүү чыгаруу чечимибиздин эң туура болгондугуна мына эми ынанып олтурабыз. Анткени, гезитибиз район ичинде эле окулбай, Мургаб районубуздун алкак-чегинен чыгып, башка райондор, облустардан, башка аймактардан өз окурмандарын таап, Мургаб жергесинде да гезит бар экендигинен, андагы жашаган калкыбыз эмне менен алектенип, кантип жашап, кандай ишкерлер эмне менен алектенип, ал эми жаштарыбыз кантип окуп же спорттук бийиктиктерди жеңип жаткандыгын жар салып жаткандыгын бардык эле тургундарыбыз азыр деле биле беришпесе керек. Анан калса, мыйзамдуу мамлекеттик тилди колдонгон, мамлекеттик тилде макалаларды жарыялаган гезиттин аброю да, дарамети да, ал гезитке болгон урмат канчалык болорун бардык эле окурмандар жакшы түшүнө баштады.

 

Айтылган көйгөй 2016-жылдын гезитине жазылуунун жүрүшүндө байкалып, “гезит эми кыргыз тилинде чыкпайт экен, жазылбай эле койгула” деген белгисиз көр пенделер тарабынан чолок ойлуу ушак-айыңдар чыгып кетткендиги өтө өкүнүчтүү жана жагымсыз жагдай түздү. Бирок, жаратканга шүгүр, эл ичинде акылы толо, тиги-буга терең акыл чаптырып, элдин элдигин, келечегин ойлогон калкыбыз гезитибизди жерге таштабады. Элге, журтка айланайын демекчи, ылайым эле элибиз аман болсун! “Сары кол” гезитибизге жазылып, биздин ардактуу окурмандарыбыз жана Мургаб элибиздин чыныгы атуулдары экендигин көрсөтө алышты. Натыйжада, “гезитке кандай жазылсак болот” деген суроо-талап менен кайрылгандардын саны артты, бул күндөрдө Жаңы 2017-жылга да жазылуу ийгиликтүү жүрүп жатат.

 

Jergiliktuu gezit 2Мына алардын катарында, гезитибиздин мурунку сандарында белгилегендей, районубуздун төрагасы М. А. Жооошбаев өзү баштап, көптү көргөн көсөм ардагер аксакалдарыбыз Ш. Колчокбаев, И. Шаджанов, Ж. Алипбеков, М. Тойчиев, К. Камчыбеков, М. Ахунов, А. Чокоев, У. Ахунбаева, А. Садыкова, А. Курбаналиев, Ы. Айдакеевжана башкалар, жетекчилерден: райондун прокурору Б. Сафарзода, Б. Сейитбеков, Х. Хуросониев, Б. Сейитбеков, У. Аилчиев, ж.б. көптөгөн окурмандарыбыз, агай-эжейлер, жамаат жетекчилери гезитибиздин негизги сапаты, көйгөйлүү маселелер боюнча бетмебет олтуруп, ачык ой бөлүшүп турушту. Дал ошол баалуу кеп-кеңештердин негизинде гезитибиз бүгүнкү күндө төрт баракта сегиз беттүү жана түстүү басылып, кош тилдүү негизде Душанбе шаарындагы Тажикистан республикасынын Президенттик Аткаруу аппаратынын “Шарки озод” полиграфиялык типографиясында басылып, чыгып келүүдө. Натыйжада, “Сары кол” гезитибиз ТБА облусунун жетекчилигинин, Тажикстан Журналисттер Союзунун төрагасы З. Б. Исмаилзоданын көңүлүн буруп, алар тарабынан гезитибиздин дарегине жылуу сөздөр айтылды. Бул кең пейилдүү элибиздин, окурмандарыбыздын акыл насаат, кеп-кеңештеринин шарапаты дагы да ийгиликтерге алпарат деп ишенип, жалпы гезитке жазылуу иш чарасына салымдарын кошуп, райондук өкмөтүбүздүн, эли-жерибиздин “Сары кол” басылмасына чоң колдоо көрсөтүп келатышкан районубуздагы мекеме-уюмдардын, мектептердин эмгек жамааттарына, гезитибиздин жеке жазылуучу окурмандарына чын ыкласымдан ыраазычылык билдиремин!

 

Экинчи дагы көңүл буруучу маселе - окурмандар, жашоочулар тарабынан өтө аз сандагы макалалардын жазылып берилүүсү. Бул жагдайда ар бир айыл-кыштактардан кабарчыларыбыздын жоктугу же бар кабарчыларыбыздын жигердүү аракетинин жоктугу маалымат топтоого кедерги болууда. Жер-жерлердеги болуп жаткан иш чараларга бара калып катышып, аны өз кезегинде гезитке жарыялоого азырынча шартыбыз жок болгондугуна байланыштуу жамаатардан, жергиликтүү кабарчылардан маалыматтар келип турса эң жакшы болмок деп эсептеймин.

 

Ал эми редакциябыздын чарбалык-материалдык жагын алсак, үстөл компьютерлери, принтерлер, генераторубуз болгону менен, иш столдору, отургучтар, китеп гезит салгыч эмеректерге байланыштуу маселелерди чечүү азырынча колго алына элек. Бизде болгону көптөгөн редакторлодун көзүн көргөн же оңдолуп-түзөлүүдөн “чарчап,” эскилиги жеткен “тарыхый өмүр сүргөн” бир иш үстөлүбүз жана арткы жөлөнчөгү жок эки отургучубуздун бар экендигин да айтып, кулак кагып койбосок болбос. Анткени, эл ичинде жардам берип жиберүүчү кайрымдуулар, акылман патриоттор да толо эмеспи. Ошондой кайрымдуу адамдар, жетекчилер же жөнөкөй эле бир жердешибиз кочуштап акча бербесе да, ошондой эле короосу толо кой-топоздуу мартабалуу байларыбыз короосунан токту-торум жетелетип жардам бербесе да өз үй бүлөсүнүн атынан балдарым, неберелерим окусун же районубуздун гезитин көрүп жүрсүн деп“Сары кол” гезитке жазыла коюп, жападан жалгыз гезитибизди колдоп коюшар деп үмүттөнөм. Ооба, ырасын айтканда редакциябызга быйылкы жылы гана райондук Өкмөт тарабынан расмий ишкана берилгендигинен улам, редакциябыз эми кайрадан кадыресе ишкана катары жаңыча түптөлүүнүн камында экендиги анык. Ошондуктан, бул маселени туура түшүнгөн жер-жерлердеги, ар бир айылкыштактагы жашаган эли-журтубуз акылга калчап “Сары колду” колдоону, анын аброюн көтөрүүнү унутпайт деп ишенебиз.

 

Ошондуктан, кадырлуу окурмандар жана замандаштар, келе жаткан 2017- жылда редакция өзүнүн ишкердүүлүгүн арттыруу менен, элибиздин атын тарых барактарына калтыруунун башаты болгон “Сары кол” гезитибиздин сапатын жогорулатууга колдон келген аракеттерин жумшайт деп ишенебиз. (Гезит- элдин тарых булактарынын башаты демекчи, редакциябызда чыгарылган бир да “Сары кол” гезитинин архивдик топтомдору сакталбагандыгы зээнди кейитет. Мурункусу эмес, жакынкы 1960-1990-жылдардагы эң сонун архивдер бар экендигин билсек да, азыркы күндө кайда экендигин билбей да, таппай да калдык. Ал эмес, кийинки эгемендүүлүк жылдарындагы гезиттерибиздин да редакцияда сакталбагандыгы өкүнүчтүү). Ушул багытта дале болсо Сиздерге кайрылабыз: бизге Сиздердин сунушушуңуздар, кеп-кеңешиңиздер зарыл. Ошондой эле билимдүү, мамлекеттик тилди, кыргыз тилин жана чет тилдерин өздөштүргөн, адабий чыгармалар менен алектенип жүргөн жигердүү жаштар керек. Бул иш чараларды толук кандуу ишке ашырууда билимдүү, талыкпас жаш адистердин жана чыныгы элим-жерим деген атуулдардын нарк-насилдүү ой-сунуштарын күтөбүз. Сиздер үчүн эшигибиз да- йыма ачык болот.

 

Урматтуу окурмандар, Сиздерди келе жаткан Жаңы жыл майрамыңыздар менен куттуктаймын! Жаңы жылда чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаңы жылдык жаркын маанай каалаймын! Ылайым, Жаңы жыл элибизге аманчылык, токчулук жана берекелүү өмүр-жашоо тартууласын!

 

Ниязбеков Г.С. «Сарыкол» гезитинин редактору

 

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены