Жаш ишкерлердин иши колдоого алынды

Жаш ишкерлердин иши колдоого алынды

Баарына белгилүү болгондой, Мургаб районунун жаштарынын ишкер дүүлүк демилгелерин колдоого алып, эл арасына кадыр-баркка ээ болгон “ЖОВИД” уюму быйылкы “Жаштар жылында” кабыл алынган он жети долбоорунун алкагында өз ишин баштады.

 

Бул долбоорлорго керектүү болгон буюм-тайымдарды, курулуш материалдарын жакында алып келип, долбоорлордун жетекчилери болгон биздин жаш ишкерлери биздин колдоруна салышты.

 

Бул долбоорлор:


“Сулуулук салондору”– 1 долбоор,

“Чачтарачкана”- 2,

zhash-ishkerlerdin-ishi-koldoogo-alyndy 2“Ветеринардык кызмат”- 1,

“Цемблок”- 1,

“Улуттук ашкана”- 1,

“Интернет кафе”- 1,

“Күнөскана” (Теплица)-5,

“Сүрөт жана видео кызматы”-3,

“Кийим тигүү”-2 долбоорлор болуп, жалпы 17 долбоор өз иштерин баштады.

 

Буюрса, эми иштин жүрүшү, уюштурулушу жана ишке ашып, элибизге кызмат көрсөтүүсүдал ошол ишкерлерибиздин иш- аракетине байланыштуу болот эмеспи.

 

Андыктан, адегенде бул бизнес-идеяларды колдоп, жардам көрсөтүшкөн “ЖОВИД” уюмунун жетекчилигине, демөөрчүлөргө жаш ишкерлердин атынан, райондун калкынын атынан ыракматыбызды айтуу менен, долбоорлорду ишке ашыруучу, калкыбыздын камын ойлогон жаш ишкерлерибиздин иштерине ийгиликтерди каалайбыз! Ишиңер алгалай берсин, урматтуу жаш ишкерлер!

 

Агай

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены