Жалал-Абадда кайрылмандарга камкордуктар күчөтүлүп жатат

Жалал-Абадда кайрылмандарга камкордуктар күчөтүлүп жатат

Жалал-Абад шаарында кайрылмандарга камкордуктар күчөтүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Апел Адылбекова билдирди.

 

Анын айтымында, быйылкы жылы алардын 118и жумуш менен камсыз кылынды. Шаар аймагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген 605 этникалык кыргыздар катталган. Алардын ичинен 346сы аялдар болсо, 259у эркектер. Ал эми 241и кайрылман макамын алган.

 

«Биз кайрылмандардын социалдык абалын жакшыртуу, шаар турмушуна толук адаптациялаштыруу жагынан бир катар иш-чараларды жүргүзүп келе жатабыз. Быйылкы жылы 118 кайрылманды жумуш менен камсыз кылууга жетиштик. Ошондой эле, аларга билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатында да шарттар түзүлүп жатат. Кайрылман үй-бүлөлөрдүн 51 баласы жогорку жана орто окуу жайларда окуп жатышат», - деди ал.

 

Кайрылмандарды үй менен камсыз кылуу аракеттери да көрүлүп жатат. Алардын 66сы өз каражаттарына үй сатып алышса, 36сы жер тилкелерин алууга муктаж.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены