Жаңы Жылыңыздар куттуу болсун урматтуу “САРЫКОЛ” гезитинин окурмандары !

Жаңы Жылыңыздар куттуу болсун урматтуу “САРЫКОЛ” гезитинин окурмандары !

Урматтуу жердештер, “Сарыкол” газетасынын күйөрмандары! Сиздерди жаркырап жайнап, кирип келген 2019-Кара кийик жылыңыздар менен куттуктаймын! Сиздерге 2019-жыл жакшылыктын, ынтымакчылыктын,аманчылыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болуп, үй-бүлөөңүздөргө бакыт алып келуусун каалаймын.

 

Сапарын карытып жаткан 2018-жыл, мамлекетибиз үчүн көптөгөн маанилүү окуяларга бай тарыхый жыл болду десем жаңылбаймын. Себеби, өлкөбүздүн калкынын көптөн күткөн Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты ишке берилип жана башка көптөгөн ири обьектилер Республикада курулду. Баарыбызга белгилүү болгон сентябрь айында районубузга Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти, улуу урматту Эмомали Рахмондун келиши менен элибиздин көптөн бери самап күтүп жүргөн “Тажикистан” ГЭСинин бүтүшү, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын жаңы имаратынын , айлана чөйрөнү коргоо комитетинин жаңы имаратынын жана Мургаб жамаатынын жаңы имаратынын ишке берилүүсү, райондун борборунда “Истиклолият” балдар аянтчасынын ачылышы, борбордук оорука- нанын төрөт үйүнүн жана СЭС бөлүмүнүн жаңылануусу (капиталдык ремонттон өтүүсү), райондун бардык жамааттарында үн алгы, балдар үчүн майданчалар менен камсыз болуусу, Чечекти, Башгүмбөз айылдарында ар бир үй күн чырак, сыналгы жана муздаткычтар менен камсыз болгону айгинелеп, 2018-жыл райондун тарыхында кала турган жыл болду. Бул жетишкендиктерге Мургаб району үчүн кам кордук көрүп келген, Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти, улуу урматту Эмомали Рахмонго, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз.

 

Ушундай жетишкендиктер менен бирге, райондук “Сарыкол” газитине бир аз токтолуп кетүүгө туура келет. Жергиликтүү “Сарыкол” газетасы 2011-жыл, 18-апрель , №0069 РЗ каттоодон өтүп, кыргыз тилинде чыгарууга уруксат берилген. Бүгүнкү күндө газета Душанбе шаарында, Тажикстан Республикасынын Президентинин аткаруу аппаратынын “Шарки Озод” полиграфиялык типографиясында басылып чыгарылат жана 8 түстүү беттен турат.

 

“Сарыкол” газетасы Тажикстан Республикасында кыргыз тилинде басылган жалгыз гезит. 2018-жылда “Сарыкол” газетасына жазылуу анализине токтолсом, райондун мекеме-уюмдарынын кызматкерлери, жамаат кызматчылары, райондун ардагер аксакал агалары Алипбеков Ж, Алипбеков А, Курбаналиев Б, Чокоев А, инибиз Гайбылдаев С, жана Г. Бердибаев жамаатынан ардагери Маматалиев Ж агаларыбыз жазылып келгендер. Жогоруда белгилеген мекеме-уюмдарынын кызматкерлерине, жамаат кызматчыларына, райондун ардагер аксакал агаларыбыз, газетабызга жазылып келгениздерге терең ыраазычылык билдирем. “Сары-кол” газетасынын күйөрмандары билесиздер мындан 10-15 жыл илгери, бир эле райондун мекеме уюмдарын кызматкерлери менен чектелбестен, ардагер агалар, эжелер жана жалпы райондун эли жазылып, “Сарыкол” газетинин нускасы 1000ге жеткен. Бүгүнкү күндө газетага жазылуусу 600- 700 нуска менен чектелген.

 

Райондун төрагасы Жоошбаев Мурзабай Абилакимович менен газеттин техникалык базасын жана сапатын жогорулатуу боюнча пикирлешкен учурда, райондун төрагасы “Сарыкол” гезетасынын техникалык базасын чындоого жана жамааттагы кабарчылардын иштерин жандандыруусуна колдоо көрсөтөрүн айтты. Урматтуу “Сарыкол” газетинин окурмандары! Сиздер жакшы билесиздер, мурун жамааттарда эмгектенип, жамааттын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртуу менен алек болсом, бүгүн “Сарыкол” газети аркылуу республикада, облуста болгон жаңылыктар эле эмес, районубузда болуп жаткан иш чараларга жана жалпы райондун элинин турмушуна күбө болууга туура келүүдө. Ошол себептен, “Сарыкол” газетинин окурмандары, мындан он жыл илгери газетке кандай жазылсаңыздар, ошондой жазылууңуздарды улантат деп чакырып кетемин. Албетте, өз кезегинде “Сарыкол” газетинин сапатын жакшыртып, заманбап газета болуусу үчүн, окурмандарыбыз сын сунуштарды, кеңештерди айтып турса жакшы болмок.

 

Мындан ары “Сарыкол” газетинин бетине адабий чыгармалар, куттуктоолор, рекламалар, кулактандыруулар, эскерүүлөр, красворддор, сканвордтор,анегдоттор жана башка жарыялоолор камтылмакчы. Ошондой эле, жамааттардагы кабарчыларыбыздын иштерин жакшыртуу максатында, жамааттардын төрагалары жамаатарда кандай иш чара болбосун, “Сарыкол” газетинин кабарчыларын ала жүрүшсө жакшы болмок, себеби, “Сары- кол” газетинин кызматкерлери кабарчылары аркылуу, сиздер менен кабардар боло алат.

 

“Сарыкол” газетинин көйгөйлүү маселесине көңүл бурууга туура келет. Бүгүнкү күндө окурмандар тарабынан макалалар жокко эсе. “Сарыкол” газетасына жетекчи болгондон бери үч айдын жүзү болду. Ушул убакытта Башгүмбөз айылынан эки, Шаймак, Чечекти айылдарынан бирден дептер бетине жазылган макалалар түштү. Түшкөн макалалар көбүнчө мектеп жашоосунан. “Сарыкол” гезитинин күйөрмандары жогоруда белгилеген маселеге туура түшүнүп, ой чаптырып, жер-жерлердеги жашаган элибиз, журтубуз “Сарыкол” газетини колдоп газеттин аброюн көтөрөт деймин. Келе жаткан 2019-жылда “Сарыкол” газетинин кызматкерлери өздөрүнүн ишкердүүлүгүн жогорулатуу менен газетага районубуздун атын, жеринин тарыхтарын, тарых барактарына калтырып, газетабыздын сапатын, сиздер менен бирдикте колдон келген аракеттерин жумшайт.

 

Урматтуу жердештер жана “Сарыкол” газетинин окурмандары, сиздерди Жаңы жыл майрамыңыздар менен жеке өзүмдүн атымнан жана редакция кызматкерлеринин атынан куттуктаймын! Жаңы жылда чың ден-соолук, кажыбас кайрат, бакыт таалай, ишиңиздерге албан-албан ийгилик каалаймын! Ылайым, элибизде тынчтык, токчулук жана берекелүү жыл болуусун тилеймин. Сиздер үчүн “Сарыкол” газетинин барактарынын бети дайыма ачык болот.

 

Н.Исраилов,

“Сарыкол” газетинин редактору

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены