Өз мекенинде саргайган Сары-Могол

Өз мекенинде саргайган Сары-Могол

Алай районунда жайланышкан бул кооз аймакка ашыккандар дагыле толтура. Сары-Могол жайлоосунда бээнин кымызын ичип, тоодогу көлүнө чөмүлүп, топозун мингенди сагынгандар, айрыкча чет өлкөлүктөр аталган айылга жыл сайын келип турушат. А дүйнөдөгү эң бийик Ленин чокусунун түбүндөгү Тулпар-Көлдүн жээгине тигилген бой үйлөрдө жамбаштап жатуунун өзү кандай сонун жана бакыт !

 

Сары-Моголдо 200 чакты адам ушул күнгө дейре пенсияга чыга албай жатышат. Буга аларга караштуу жер үлүштөрүнүн жоктугу дагыле жолтоолук кылууда.

 

 

- Биздин Сары-Могол айылы 2004-жылы гана Тажикстандан Кыргызстанга толук бойдон кайтарылган. Ошол себептүү жергиликтүү калкка үлүш жери таптакыр бөлүнбөй калган. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Улан Пиримов биз менен жолукканда бир нече ирет көтөргөнбүз. Мендеги маалыматка караганда, биздин өтүнүчүбүз Кыргыз парламентинде каралып, колдоо таап, ушул тапта Өкмөттүн кароосунда турат экен. Бирок, күн өткөн сайын пенсияга жашы жеткен жердештерибиз улам көбөйүп, мунун кесепетинен пенсия ала албай калган адамдардын саны дагы улам өсүп баратат. Чындыгында, бул район акими, же облус губернатору чеччү маселе эмес. Жогору бийлик гана көйгөйгө токтоосуз чекит коюусу абзел! Ошондуктан, аларга улам-улам жазып эле жатабыз. А түгүл тиешелүү кагаздар жогору жакка утуру жөнөтүлүп дагы жатат. Эң башкысы: зарыккан адамдарга үлүш сыңары бөлүп берүү үчүн аталган аянт Өкмөт тарабынан трансформацияланышы кажет! – деп чырылдады Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Аттокур КУРМУШУЕВ.

 

Ал эми айыл аксакалы Камчыбек Нурмаматов Кыргыз бийлиги аларды он эки жылдан бери куп эле алдап келаткандыгын дегеле жашырган жок.

 

- 2004-жылы Кыргызстандын карамагына, Алай районуна өткөнүбүздө Кыргыз бийлиги нелерди гана убада кылышкан жок. Колубузга алып бербеген Ай жана Күн гана калган жок. Алгачкы беш жылда, чындыгында, пенсия жөнүндө таптакыр ойлонгон эмеспиз. Кийинчерээк жашыбыз жеткенде, документ тууралайлы десек, «Жер үлүшүңөр жок экен», «Социалдык фондго маянаңардын эсебинен ачка которбопсуңар!» деп пенсиядан үмүтүбүздү биротоло үздүрүштү. Өзү мыйзамда дагы ушундай жазылыптыр. Каякка кайрылбайлы, ушинтип гана жооп катып, айлабызды таптакыр курутушту, - деп чырылдады Камчыбек Нурмаматов.

 

Баса, Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жашоочулары керектүү учурларда аталган маселени чечүүнү эртелетүүнү талап кылып айыл өкмөтүнүн алдында бир нече ирет акция дагы өткөрүштү. А түгүл район жанга облус бийлик башчыларына өкүл дагы жөнөтүп көрүштү. Тилекке каршы, эч кандай натыйжа жок! Ошондуктан, айласы куруганда, эми Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУга) дагы даттанууну көзөп жатышат.

 

- Сары-Могол айыл өкмөтү 62 миң гектар жери менен Тажикстандын Мургаб районунда ижарада турган. 2004-жылы ал кайрадан Кыргызстанга кайтарылган. Мындан улам сары-моголдуктарга үлүш жерлери негедир берилбей калган. Дал ушунун кесепетинен пенсияга чыгуу бизде накта азапка айланды. Ушул тапта төрт миңден ашуун калкы бар айылда 34 гана адам пенсия алат, - деп ыйлактады кайрадан кепке кошулган Камчыбек Нурмаматов.

 

Ал эми Алай районунун мурдагы акими, ушул тапта Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-губернатор Таалай Сарыбашов айтымында, бул жерде жергиликтүү бийликтин айыбы жок.

 

- Жер бөлүштүрүү Кыргызстанда 1998-жылы эле токтогон. Ошондуктан, сары-моголдуктар жер тилкесин алалбай, пенсияга дагы чыга албай жаткандыгы анык. Ошону үчүн биз Жогорку Кеңешке «Жер үлүшүн берүүнү токтоткон мыйзамга өзгөртүү киргизип бергиле?» деп кайрылганбыз. Эгерде мындай кылышпаса, Сары-Могол айылына атайын токтом менен жер бергиле деп Кыргыз Өкмөтүнө дагы аргасыздан кайрылдык. Ал жерде мамлекеттин он беш миң гектардай жери бар. Бирок, аны атайын мыйзам болбосо, биз эч кимге таптакыр бере албайбыз! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-губернатор Таалай Сарыбашов.

 

Баса, Сары-Могол айылы деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жайланышкан. Ушул тапта аймакта 1100 кожолук, 4500 киши жашайт. Жергиликтүү калк мал кармап, жан багат. Ошондой эле картөшкө, арпа гана эгишет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены