Вандагы теракттан Памирлик кыргыз набыт болду

Вандагы теракттан Памирлик кыргыз набыт болду

Түркиянын Ван провинциясында жекшембиге караган түнү террорчулардын кол салуусунан набыт кеткендер арасында бир кыргыз да бар.

 

Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Түркиядагы этникалык кыргыздар коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу маалымдады:

 

- Соңку кырдаалга байланыштуу биздин кыргыздар да айрым бөлүктөрдө аскерлер менен кошо күзөтчүлүк кызмат өтөп жатат. Эржиш районунда күзөттө тургандар арасында 6-7 кыргыз болчу.

 

Түнүндө ПКК (Күрддөрдүн жумушчулар партиясы) деген террористтер тобу жардыргыч салынган машиналар менен кол салуу уюштуруп, бир аскер менен бир айыл күзөтчүсү, кыргыз набыт болду.

 

Курманбек Кутлунун айтуусуна караганда, мындан тышкары беш кыргыз сакчы жараат алды. Алар азыр ооруканада, алган жарааты жеңил.

 

Мерт болгон кыргыз күзөтчүсү Туратбек Гүрожактын жаназасы эртең, 11-июлда өтөт.

 

Ооганстандан көчүп барган кыргыздардын Улуу Памир айылында үч миңдей кыргыз жашайт.

 

Соңку кезде Түркияда бир нече ири террордук чабуул жасалды. 28-июнда Стамбулдун аэропортунда үч жанкечти автоматтан ок чыгарган. Андан соң экөө терминалдын ичинен, үчүнчүсү чыга бериштен өздөрүн жардырып жиберген. Өлгөндөрдүн саны 45ке жетип, 200дөн ашууну ар кандай жараат алышкан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены