Ванда кыргыз айыл сакчы окко учту

Ванда кыргыз айыл сакчы окко учту

27-апрелде Түркиянын Ван аймагында элдик кошуунга ок атылып, Назым Ташкент аттуу кыргыз айыл сакчы курман болду.

 

Түркиянын Ван аймагындагы Долужа айылына жакын жерде жикчил күрт террористтер менен кармашта жергиликтүү тургун, 47 жаштагы Назым Ташкент курман болуп, үч айыл сакчы оор жаракат алган.

 

Өткөн түнү кошуна айылда террористтер бар деген маалыматты алган айыл сакчылары жолдо бараткан маалда согушкерлердин ок атуусуна кабылган.

 

Түркиянын Ван аймагында жайгашкан Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Кошар окуяда жабыр тарткандар тууралуу буларды билдирди.

 

- Түркияда тынчтык болбой, үч жарадар бар, бир адам окко учту. Баары айыл коргоочулары.

 

Van kg okko uchtu 1

 

Айыл сакчылары коңшу айылга аскерлер менен катар күзөткө бараткан учурда согушкерлердин чабуулуна туш болушкан. "Кыргыз түрктөрү маданият жана жардамдашуу" коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу аймактагы абал акыркы күндөрү кескин оорлошуп кеткенине токтолду.

 

- Учурда согуштук операциялар көп болуп жатат. Айыл коргоочулары ошол террористтерден элеттиктерди коргошот. Мында болсо кетип бараткан жерден эле атып салышыптыр.

 

Террорчулардын огунан шейит кеткен Назым Ташкенттин артында жесири менен төрт кызы калды. Айыл тургуну Кудаяр Сечилмиш набыт болгон адамдын үй-бүлөсү жана жаракат алгандар тууралуу буларды айтты.

 

- Шейиттин төрт кызы бар. Экөө мектеп окуучусу, экөө ооруйт. Ал эми жаракат алгандар операция болушту, абалдары жакшы эле дешти.

 

Маркум Назым Ташкенттин сөөгү бүгүн аскердик аземден кийин Улуу Памир айылында жерге берилет.

 

Жалпысынан Вандагы Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Алардын 180ге жакыны айыл сакчылары болуп кызмат кылышат. Алардын милдети түрк аскерлери менен тоолуу катар айылдардын коопсуздугун камсыздоо. Бүгүнкү күнгө чейин жикчил күрттөр жашаган аймактарды коргоо маалында жалпысынан беш кыргыз курман болуп, ондон ашуун кыргыз жараат алган.

 

Түрк өкмөтү каза болгондордун айлыгын жесирлерине жана кыздарына которушса, жарадар болгондордун бардык камсыздандыруусун өкмөт толугу менен төлөп берет.

Комментарий

Чынара Калыбекова (Бишкек)

Суббота, 29 Апреля 2017 19:06

Элим деп сакчылыкта турган азаматым! Жаткан жериң жайлуу болсун!!! Жакындарыңа, ата -- энеңе, келинчегиңе, бир тууган жакындарыңа, бала - чакаңа көңүл айтам. Жаратканым баарына тең карап, аман болушсун. Бул тагдыр! Бири кем дүйнө деген шул. Бекем болуңуздар!!!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены