Ван шаарындагы памирлик боордоштордун үлпөт тою

Ван шаарындагы памирлик боордоштордун үлпөт тою

Ван шаарында жашаган боордошубуз Мошал Гүвен мырзанын Turmush порталынын аймактык кабарчысына берген интервьюсунан үзүндү.

 

«Айсулуу карындашым Халил Ибрагим Коркмаз деген жигитке турмушка чыкты. Эки тарапка тең тууган болом. Жаштардын үлпөт тоюу Анкара провинциясынын Чубук аймагында өттү. Тойго вандык кыргыздар жашаган Улуу-Памир айылындагы, Анкарадагы туугандарбыз чакырылып, жалпы 400гө жакын адам катышты. Той түрк каадасы менен өткөрүлдү. Кыздын чоң атасы Рахманкул хандын биринчи кеңешчиси болгон. Учурда ажы Айтмухаммед уулу 85 жашта. Ал айылдагы эң улуу аксакал. Алар небереси Айсулууну үйдөн эле узатып, ресторанга келе албай калды. Шаар жеринде өткөн тойлорго убакыт аз берилет. Ал эми Улуу-Памир айылында кыргыздын каада-салты менен той өткөрөбүз. Казан асылып, эт тартылып, улуттук тамак-аштар жасалып, эртең мененден кечке чейин той берилет», - деди ал.

 

 

Сүрөттөр: Мошал Гүвен

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены