Ван Памир кыргыздары Осмон империясынын түптөлүшү боюнча сериалга тартылды (видео)

Ван Памир кыргыздары Осмон империясынын түптөлүшү боюнча сериалга тартылды (видео)

Тасмада боз үй жана улуттук аспаптардын үнүн угууга болот

 

Түркиянын телеканалдарында 2014-жылдан тарта "Эртугрулдун тирилиши" аттуу тарыхый сериал көрсөтүлүп келет. Тасма Ван провинциясынын аймагындагы Улуу Памир айылынын тегерегинде этникалык кыргыздардын катышуусу менен тартылган.

 

Сериалда Осмон империясынын түптөөчүлөрүнүн бири Осмон биринчинин атасы Эртугрулдун XIII кылымдагы баатырдыгы баяндалат. Анда түрк уруулары монголдордун басып алуусунан кийин Орто Азиядан Кичи Азияга журт которгон. Көчмөндөрдүн чакан тобу жаңы аймактарды басып алып жатып, үч континентти ээлеген ири империяга айланат.

 

Milliyet басылмасынын жазышынча сериалдын авторлору ошол доордун таасирин берүү үчүн тартуу иштеринде этникалык кыргыздар жашаган Улуу Памир айылын тандап алышкан. Режиссерлердун көңүлүн бул аймакты байырлагандардын азыркы кезге чейин ата-салтын улантып, улуттук буюм-тайымдарды колдонуп, аларды күнүмдүк турмушунда колдонушу бурган.

 

Маданият жана тилектештик ассоциациясынын президенти этникалык кыргыз Кенан Айтачтын айтымында, сериал үчүн улуттук буюм-тайымдардын басымдуу бөлүгүн жергиликтүү тургундар жасап берген. Тасмадан кыргыздын боз үйүн, улуттук кийимдерин, комуз менен кыл кыяктын добушун угууга болот.

 

Сериал телеканалдардан көрсөтүлө баштагандан бери Улуу Памирге болгон туристтердин кызыгуусу арткан. Ошондой эле жергиликтүү усталар менен уздардын кийизден жана териден жасаган буюмдары Түркия боюнча колдонулуп, ага талап күчөгөн.

 

Этникалык кыргыздар Түркиянын Ван аймагына Афганистандын Памир жеринен 1980-жылдардын башында Рахманкул хандын тушунда отурукташа баштаган. Бүгүнкү күнү бул жерде төрт миңдей кыргыз жашайт.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены