Ван кыргыздары улуттук тамырдан ажырагысы келбейт

Ван кыргыздары улуттук тамырдан ажырагысы келбейт

Памирлик кыргыздар Түркияга көчүп келгенден бери өткөн отуз жылдай убакыт аралыгында муундар алмашып, Ван көлүн тегеректеп жашаган кыргыздардын бала-чакасы бара-бара ар башка шаарларды байырлап кетишүүдө. Аралык алыстап, убакыт өткөн сайын тил унутулуп, улам кийинки муун көбүрөөк түрктөшүүдө. Бирок улуттук тамырын издеп, Кыргызстанга кайтуу ниетинде жүргөндөрү да бар.

 

Беш жашаар Мелекнур өзүн түрк деп таанып, эс тартууда. Үйүндө гана кыргыз тилин укпаса, бала-бакчада, көчөдө теңтуштары өңчөй түрк тилдүүлөр.

 

 

 

“Үйдө жалаң эле кыргызча сүйлөйбүз, бирок көчөгө чыгып түрк кыздар менен ойноп, жалаң түркчө сүйлөйт. Эми түрк мектепке бара турган болсо, такыр эле кыргызча сүйлөбөй калат го”,- дейт чоң апасы Алима.

 

"Ванда топтошуп жашаган кыргыздар улам чон шаарларга чыгып, кийинки муун барган сайын түрктөшүп жатат. Мен кыргыз тилин атама караганда начар билем, менин балдарым менден дагы начар билип калат. "

Кенен Акибай уулу

 

Мелекнурдун атасы Кенен памирлик кыргыздардын бир бөлүгү Түркияга ооп барган 1982-жылы төрөлгөн. Түрк жеринде туулуп, түркчө билим алганы менен кыргызчасы алатоолуктардын айрымдарына салыштырганда кыйла эле таза. Кезинде Кыргызстандан барган мугалимден сабак алып, кыргызча жазганды жана окуганды үйрөнгөн экен. Кененди азыр көбүрөөк ойлондурган маселе - кыздары кыргызча унутпаса экен деген тилек.

 

"Сырттагы кыргыздар улуттук жүзүбүздү, тилибизди сактайлы деп далбас уруп атсак, кыргыздар өз жеринде өзүн тааныбай бара жатыптыр"

Акибай Адалат уулу

 

“Себеби, бир кезде топтошуп жашаган кыргыздар улам чон шаарларга чыгып, кийинки муун барган сайын түрктөшүп жатат. Мен кыргыз тилин атама караганда начар билем, менин балдарым менден дагы начар билип калат. Ошондуктан, кыргыздар топтошуп жашаган жерлерге бирден мугалим болсо деп жатабыз”,- дейт Кенен. Кенендин жети атасы Памирди жердеген экен. Атасы Акибай аксакал өткөн жылы Кыргызстанда болуп кайткан. “Сырттагы кыргыздар улуттук жүзүбүздү, тилибизди сактайлы деп далбас уруп атсак, кыргыздар өз жеринде өзүн тааныбай бара жатыптыр”,- деп кейийт Акибай.


Тамыр тартат...

 

Van KG 2Акибай аксакал Кыргызстанды тарыхый мекени деп таанып, түбөлүгүн Түркиядан көрөт. “Кыргызстанга каттап гана турбасак, жердеген жерибиз Түркия болуп калды”,- дейт. Анткен менен уулу Кенен Кыргызстанга кайтууга бел байлап турат. Стамбулда жеке бизнесин түптөп, бир топ бутуна туруп калганына карбай, ата-мекенине келип жаңы турмуш баштагысы келет.

 

“Мен мында көпкө турбайм, акыркы Кыргызстанга кетем. Бул жердеги мен курактуу кыргыздардын баары эле кырк жашка чейин Түркияда болуп, бутубузга туруп, анан мекенибизге кайтып кетебиз деген ойдо”,- дейт Кенен. Кенен Кыргызстан жөнүндө китептен окуп, интернеттен маалымат издеп гана кабар алганы болбосо, өзү келип көргөн эмес. Келээрки жылы келип мекени менен таанышам деп турат. Башында кыйналса да өз жеринде баары бир өз болуп кетерине ишенет:

 

“Бул жакта биздин тилибиз түрк болгон менен баары бир кыргызбыз. Кээлери бизди жапон дешет. Ал эми Кыргызстанга барсам эки-үч жыл түрк деп жектешээр. Бирок өз элим, өз жерим болгондон кийин аралашып кетем. Кыргыз тилим дагы оңолот”. Ван кыргыздары Түркияга Ооганстандан ооп барышкан. Алардын Түркияда отурукташканына отуз жылдын жүзү болду. Анда төрөлгөндөрдүн алды азыр отузга чыгып, тамыр тартып, мекенин эңсөөдө.

 

"Бул жакта биздин тилибиз түрк болгон менен баары бир кыргызбыз. Кээлери бизди жапон дешет. Ал эми Кыргызстанга барсам эки-үч жыл түрк деп жектешээр. Бирок өз элим, өз жерим болгондон кийин аралашып кетем. Кыргыз тилим дагы оңолот"

Кенен Акибай уулу

 

Улам муун алмашкан сайын жергиликтүү калкка аралашуу процесси тездеп, тил унутулуп жатканы вандык кыргыздардын башкы маселеси. Кыргыз тил мугалимин сурап кыргыз өкмөтүнө дагы кайрылып көрүштү.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены