Уз өнөрүн унутпаган кыргыз айымдары (видео)

Уз өнөрүн унутпаган кыргыз айымдары (видео)

Анкаранын Чубук районундагы бир ууч кыргыздын үйлөрүндө салт-санаа, үрп-адат,уз-чеберчилик унутулбай сакталып келе жатат.

 

Кылымдарды кырчып келген,
Кылыч болуп курчуп келген.
Бирде албуут дайра болуп,
Бирде үптөй тынчып келген.
Түгөнгөн сайын түтөгөн,

 

Жок болгон сайын күчөгөн, кыргыз эл тарыхына кылчайып карай турган болсок, элдин башынан эмнелер гана өтпөгөн. Бүгүн биз 1978-жылы Афганистандагы Памир кыргыздарынан бөлүнүп, Рахманкул ханды ээрчип Пакистанга караштуу Рилгет өрөөнүнө келип отурукташып, ал жердин ысык климатына көнө албай Рахманкул хандын кайрылуусу менен Түркиянын өкмөтү тарабынан 1982-ж. август айында Түркиянын Ван дубанынын Улупамир айылына көчүп келген кыргыз боордошторубуздун турмушунан кабар алабыз.

 

 

Ван демекчи, Түркиянын борбору Анкара шаарынан авто унаа менен 18 сааттык убакытты талап кылган Вандагы кыргыздарга барууга мүмкүнчүлүк болбосо да, анда көп жыл бою жашап, соңку 2 жылга жакын убактан бери Анкаранын Чубук районуна ооп келип олтурукташа баштаган 50 түтүн элдин жайын сурадык.

 

Анкаранын Чубук районунда жашаган бир туугандарыбыз биздин келээрибизди угуп, айыл аксакалдары бир үйгө чогулуп, чыдамсыздык менен күтүп жатышкан экен. Алардын кубанычка толгон көздөрүнүн, жайнаган жүздөрүнүн артында баары бир мекенге болгон сагынуу, кусалык, көкүрөк тепкен арман жатканы айпасак да белгилүү. Ошентип дастаркон жайылып, биздин чыгармачылык топтогу байкелерибиз чай үстүндө аксакалдар менен маектешип жаткан учурда, мен андагы үй кожойкеси кыргыз энелери менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

 

 

Чачырап бөлүнүп, чайпалып төгүлүп, кыйла кыр ашып, эчен эл аралап эзилсе дагы, тилин, дилин, салт-санаа, үрп-адатын, кол өнөр уз- чеберчилигин жана улуттук тамак аштарын унутпай, өзүнө таандык эн тамгасын сактап келген кыргыз боордошторубузга кубанган менен алардын Ата журтубузду бир көрсөк деген тилектерин угуп, Ала -Тоого болгон сагыныч арзуусун туюп, атаганат, Ата журтка алардын саламдарын эмес, өздөрүн кошо ала кетсек гана деп ичтен сызып, кыңырылып тим кеттик.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены