Улукбүбү Жунусова XX кылымга таандык буюмдарды сактайт (сүрөт)

Улукбүбү Жунусова XX кылымга таандык буюмдарды сактайт (сүрөт)

Кара-Балта шаарынын 50 жаштагы тургуну Улукбүбү Жунусова 100 жыл мурунку мезгилге таандык улуттук кийимдерди жана буюмдарды сактайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

 

Өзүнүн айтымында, сактаган буюмдардын арасындагы XX кылымга таандык баш кийимди «Курманжан Датка» тасмасынын башкы каарманы кийген.

 

«1994-жылы үч уулум жана кызым менен Тажикстандын Мургаб районунан Кыргызстанга келгенбиз. Көп жыл соода тамагында иштедим. Бир күнү чоң энемден жана апамдан калган эски сандыкты ачып, анын ичинен колго жасалган буюмдарды көрүп, байыркы мезгилге баргандай болдум. Ал жерде айымдарга тиешелүү кийим-кечелер, токулган килемдер, жибек жиптен жасалган боз үйдүн жасалгалары бар эле. Алардын сакталганына көп жыл болуптур. Жиптер эскирип калган, бирок кийим-кечелер кечээ тигилгендей жаңы бойдон. Аталган буюмдардын ар бири өзүнчө кооздукка ээ. Эң негизгиси абдан сапаттуу жасалган. Алардын ичинен өзгөчөсү — элечектин бир түрү. Ал муундан-муунга өткөрүлүп берилген баалуу белек болуп, кыздар турмушка чыкканда кийишчү. Анда XX кылымдын башына таандык топчулар, күмүш кооздуктар бар. Кээде тааныштарым аны үйлөнүү тойдо келинге кийгизүү үчүн сурап кетишчү. Мындан тышкары дал ушул баш кийимди Элина Абай кызы кийип, «Курманжан Датка» тасмасында баш каармандын ролун жараткан», - деди ал.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены