Улу памирдеги маданият фестивалы

Улу памирдеги маданият фестивалы

Түркиялык жана чет өлкөлүк боордошторубуздун катышуусундагы иш-чара тууралуу. Ван кыргыздары жыл сайын жай майрамын белгилейт. Улу памир айылында өткөн бул жолку 11-Маданият фестивалына Кыргызстандан жана дүйнө өлкөлөрүнөн коноктор келип, өз өнөрлөрүн тартуулады.

 

Ырчы Роза Аманова:Майрам кут болсун! Бардыгыңыздарга ийгилик каалайбыз. Түркиялыктарды абдан жакшы көрөбүз. Түркияда жашаган кыргыздарга кыргыздын маданиятын унутта калтырбай, аны өнүктүрүп жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз».

 

Бул жерге келгенибизге өтө кубанычтабыз. Бизге абдан жакты. Чоң рахмат.»

 

Вандык кыргыздар келгендерге улуттук тамак-аштарын, каада-салттарын, кол өнөрчүлүгүн, улуттук оюндарын тартуулашты. Отуз жыл мурда Ооганстандагы памир жайлоосунан Түркияга көчүп келген кыргыздар, 1982-жылы Эржиш районунан 22 чакырым алыстыктагы улу Памир айылына жайгаштырылган. Өз маданиятын азыркы күнгө чейин сактаган ван кыргыздары, жыл сайын атайын фестиваль уюштуруп, каада салт, үрп адатын башка элге таанытып келет.

 

Ван облусунун губернатору Мүнир Каралоглу : «Кыргыз бир туугандарыбыз өз маданиятын, каада салтын, элдик ырларын унутпай, азыркы күнгө чейин сактап келет. 30 жылдан бери бул айылда жашаган кыргыздар өз маданиятын таанытуу менен бирге орток маданиятка да салым кошууда.»

 

Түркиянын Ван аймагында азыркы күндо 5000 кыргыз жашайт.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены