Тоолуу-Бадахшандан аскерлер чыгарылды

Тоолуу-Бадахшандан аскерлер чыгарылды

Тажик өкмөтү Тоолуу –Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдон кошумча киргизилген аскер күчтөрүн чыгарганы кабарланды.


Хорогдук активист Улфатхоним Мамадшоева “Азаттыктын” тажик кызматына айтканына караганда, аскерлер чыгарылып жаткан учур тажик мамлекеттик телесинен көргөзүлдү.

 

Хорогдон кошумча күчтөрдүн  чыгарылышы - жергиликтүү коомчулуктун расмий Дүйшөмбүнүн алдына койгон талаптарынын бири орундалды дегенди туюндурат.

 

Жергиликтүү саясий активист, Тажикстандын оппозициячыл Социал-демократиялык партиясынын Хорогдогу бөлүмүнүн  лидери Toolu badaxsh 2Алим Шерзамонов “Азаттык” менен маегинде бул фактыны мындайча комментарийледи:


- Кырдаалды стабилдештирүү, мындан ары чыңалышына жол бербөө үчүн Хорогго 2012-2014 – жылдар аралыгында кошумча ташталган күчтөр шаардан  тыш, туруктуу дислокацияланган аймактарга чыгарылуусу талап кылынган. Сүйлөшүү учурунда бийлик  тарап кошумча күчтөр бардыгын моюндаган да, төгүндөгөн да эмес. Болгону алар биз бул маселеде силер менен мунасага бара алабыз деп айтышкан. Мына ушундай оозеки гана макулдашуу болгон. Кошумча күчтөрдүн канчасы чыгарылды же чыгарылбады же Хорогдо али турабы, биз аны так билбейбиз. Бирок биздин маалыматтар боюнча коопсуздук күчтөрүнүн саны 2012-жылдан кийин көбөйүү үстүндө гана болгон. Хорогдун коомчулугу бийликтен ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, кызматкерлери, Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, униформачан гана жүрүшүн талап кылганбыз. Экинчи тарап (бийлик) бул талаптарды кабыл алган.

 

Тажикстандын автоном аймагынын борбору – Хорогдо акыркы кризис май айынын соңунда тутанган эле.

 

Милициянын кылмышкерлерди издөө делген операциясы учурунда атышуу чыгып, буга нааразы болгон жергиликтүү калк, негизинен жаштар прокуратура менен соттун имаратына, шаардагы автоунааларга өрт коюшкан. Андагы башаламандыкта үч адам өлүп, үчөө жаракат алган. Бул окуяны териштирүү үчүн укук коргоо органдары менен бирге жергиликтүү коомчулук  өкүлдөрү да кирген комиссия куралган.

 

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Саймуддин Дустов “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, эгер Хорогдон кошумча күчтөр чыгарылганы чын болсо - бул кырдаал турукташканынын белгиси:


- Чынында эле Хорогдогу кырдаал турукташты. Аймактагы чыңалуу басаңдады. Анын үстүнө сентябрда Дүйшөмбүдө Шанхай  кызматташтык уюмунун саммити өткөнү жатат. Мына ушунун  баары эске алынып, чек аралаш райондордо, Хорогдун өзүндө деле  чагым жасалуу коркунучу али бардыгына карабай бийликтер кошумча  күчтөр болсо, аны чыгаруу чечимине келгендей. Мен Тажикстандын  эксперттик жана жарандык коомчулугу бул чечимди кубаттайт деп  ойлойм.

 

Toolu badaxsh 3Талдоочу Саймуддин  Дустов Тоолуу-Бадахшанда жикчилдик маанай  жоктугун, жергиликтүүлөр борбордук бийликти жериген көрүнүштөрдүн  негизги себеби - социалдык - экономикалык маселеде жатканын  кошумчалады:


- Бадахшан  облусу - Тажикстан  үчүн проблемалуу чөлкөм. Ал жакта жумушсуздук деңгээли абдан жогору. Тажикстандын бардык аймактарын эске алганда, бийликке болгон  ишеним деңгээли да Бадахшанда эң төмөн. Жарандык коомдун  бир бөлүгү өзгөрүүлөрдү,  реформаны каалайт. Жаштарга болсо жумушчу орун, айлык акы, үй-жай керек. Буга кошумча Ооганстандагы окуяларга байланыштуу, албетте, тышкы оюнчулар, тышкы маалыматтар, өзгөчө орус тилдүү маалымат каражаттары Тажикстанга, тажик мамлекеттүүлүгүнө кас мамиле кылат. Мындан улам кырдаал курчутулуп, чыңалуунун жасалма очоктору жаралып турат.

 

Тоолуу – Бадахшан автоном облусу Тажикстандын жалпы аймагынын 45% түзгөнү менен анда өлкө калкынын 3% гана жашайт.

 

Бадахшандыктар исламдын шийи багытын карманышкан исмаилиттер жана дүйнө исмаилиттеринин  руханий лидери Ага Хандын корунан  жардам алып жүрүшөт.

 

Жергиликтүү саясий  ктивист Алим Шерзамонов “Азаттыкка” маегинде расмий Дүйшөмбү менен бадахшандыктар ортосундагы  негизги көйгөй  катары бул жагдайды атады:


- 2012-жылдан  берки эң башкы көйгөй – күч структуралары менен жергиликтүү калктын бири-бирине ишенбегени. Өзгөчө Улуттук  коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке ишеним жок. Анткени,  Улуттук коопсуздук комитетинин Тоолуу-Бадахшандагы бөлүмүнүн  кызматкерлери менен өздүк курамынын 90% ашууну жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмес.

 

Эскерте кетсек, 2012 - жылдын июлунда Тажикстандын атайын кызматынын Тоолуу-Бадахшандагы башчысы киши колдуу болгондон кийин расмий Дүйшөмбү аймакта  аскерий операция баштап, куралчан топтор менен атышуулар учурунда бери дегенде 70ке жакын киши өлгөн.

 

09.08.2014

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены