Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин тарыхы жана сыймыктары

Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин тарыхы жана сыймыктары

Кызыл-Рабат жамаатында биринчи мектеп 1932-жылы азыркы борбору Токтомуш кыштагынан 9 км алыстыктагы, күн чыгыш тарапта жайгашкан Балгын деген айылда боз үйдө ачылган.

 

Бул мектепте биринчи мугалим Атабай деген киши болгон. Ал адамдын араб тамгасы менен сабаты жоюлган адам болгон. Сабаттуу болгондуктан казылык милдетти да аткарган. Ошол себептен Атабай казы деп аташкан.

 

Балдарды боз үйдө араб алфавити менен окуткан. 1934-жылы Токтомуш кыштагында башталгыч мектеп болуп ачылган. Мында башталгыч класстарда жашы өтүп кеткен өспүрүмдөр да окушкан. Аларды Ниязов Козубай, Садыков Молдожан деген мугалимдер окутуп, окуучулардын саны 40-50 ге жеткен. Парта болбогондуктан кийизде олтуруп окушкан. Алардын арасында кыз болгон эмес. 1936-жылдан баштап кыздар окууга тартыла баштаган.

 

1939-1940-жылдардан баштап Кыргыз Республикасынан 7-класстык билими барлар мугалим болуп келе баштаган. Мектепке 1940-жылы орус элинин жазуучусу А.С.Пушкиндин ысмы берилген. Бул жылдарда Асанов Абжал, Шайимбаев Закир, Жумаев Айылчы, Шейрекова Разия деген мугалимдер иштешкен. Андан кийин жергиликтүү адамдар мугалим болуп иштей баштады.

 

1943-1944-окуу жылында 7-класстын биринчи бүтүрүүчүлөрү күбөлүк алышкан.

1951-1952-окуу жылында Айдаров Маат директор болуш иштеген. Ал Фрунзе шаарынын педагогикалык окуу жайын бүткөн.

1952-1953-окуу жылында Небереходжоев Садыбакас директор болуп, Ош шаарында мугалимдер институтунда география факультетинде сырттан окуган.

1953-1954-окуу жылында Турдубеков Жума директор болгон.

 

1954-1955-окуу жылында колхоздун эсебинен жаңы мектеп курулуп, Молотовдун ысмы берилген.

 

1955-1956-окуу жылында Маматисламов Маматали директор болгон.

 

1961-1962-окуу жылында 8 жылдык мектеп ачылып, Молотовдун ысмы кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун атына коюлуп, 1965-1966-окуу жылы орто мектеп болуп биринчи бүтүрүүчүлөргө жетилүү аттестаты берилген.

 

1962-1963-окуу жылы кайрадан Айдаров Маат директор болуп дайындалган. Ал ОГПИнин география факультетин сырттан окуган.

1966-1967-окуу жылында Кара-Көл кыштагынан келип, Куттугалиев Сайит директор болгон, билими жогорку, адистиги тарых мугалими болгон.

1969-1970-окуу жылында Амирбеков Курсанбай директор болгон, билими жогорку, адистиги математик болгон, Сарык-Могол айылынан келген.

1972-1973-окуу жылында Газыбеко Боронбай дайындалган, билими жогорку, кесиби орус тили жана адабият мугалими. "Эл агартуунун мыктысы" 1969-жылы ОГПИни бүтүргөн.

1982-1983-окуу жылында Ашимов Айткулу директор болуп дайындалып, 1986-жылга чейин иштеп Кызыл-Рабат жамаатына төрагалыкка которулган, билими жогорку, кесиби кыргыз тили жана адабият мугалими. 1968-жылы ОГПИни аяктаган.

1986-1992-окуу жылдары Кудайбердиев Куттугали (Кушбай) директор болгон. Билими жогорку, математик, "Эл агартуунун мыктысы", 1976-жылы ОГПИни аяктаган.

1992-2009-окуу жылдары Небереходжоев Койчубай директор болуп иштеген, билими жогорку, башталгыч класстын мугалими. "Эл агартуунун мыктысы". 1973- жылы ОГПИни бутурген.

2009-2010-окуу жылы Джүнүев Мусабай директор болуп дайындалат. Билими жогорку, орус тили жана адабият мугалими. Россиянын Куйбышев (Самара) шаарында КГПИни бүтүргөн.

2010-2011- окуу жылы Джүнүев Рысбек директор болуп дайындалат. Башталгыч класстардын мугалими, билими жогорку.

2012-окуу жылында Игамбердиев Абдираим директор болуп дайындалды. Кесиби хим-биолог, билими жогорку. 2014-окуу жылынан Джүнүев Рысбек директор болуп иштеп жатат.

 

Р.Джүнүев

--------------------------------------------------------------------------------------


Дорингов Курбанжан-экономика илимдеринин кандидат, доктору.

Кадыркулов Апанди (Калык)-филология илимдеринин кандидаты.

1. Джунуев Токур-орус тил жана адабият мугалими. Билими жогорку, "Эл агартуунун мыктысы", "Эмгек ветераны" медалынын ээси, Тажикистан Республикасынын "Эмгек сиңирген мугалими"

2. Маманиязов Эсенбай-тарых мугалими. Билими жогорку, "Эл агартуунун мыктысы", "Эмгек ветераны" медалынын ээси.

3. Газыбеков Боронбай-орус тил жана адабият мугалими. Билими жогорку, "Эл агартуунун мыктысы", "Эмгек ветераны" медалынын ээси.

4. Кудайбердиев Кушбай-математика мугалими. Билими жогорку, "Эл агартуунун мыктысы".

5. Небреходжоев Койчубай-башталгыч класстардын мугалими, билими жогорку, "Эл агартуунун мыктысы".

6. Шералиев Муса-башталгыч класстардын мугалими, билими жогорку, "Эл агартуунун мыктысы".

 

Ал эми Мустапалиев Жолдошбай, Бакиров Анарбай, Амитов Болотбек, Чингенбаев Карим, Турдубеков Нурмамат, Тойчубеков Гайыпберди, Каримбердиев Жолдош, Джапаров Хантөрө, Кошубаков Бекмурат, Чыныбаева Гүлхан, Акимбекова Жыпар, Маматазимова Бегимай, Джүнүев Мусабай, Маманиязов Заирбек агай-эжелерибиздин билимдерин дайыма жүрөгүбүздө туу тутуп жүрөбүз.

 

Бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда жүргөн агай-эжелерибиз: Небреходжоев Койчубай, Кошубаков Токтомурат, Садыбакасов Топчубай, Орунбаев Исраил, Конкобаев Курбанали, Алиева Жумагүл, Омурзакова Аятхан, Маматмусаева Чынар, Газыбеков Боронбай, Минбаев Токтогул, Айдаров Ысмайыл, Абдыкадырова Ибадат, Шералиев Муса, Маманиязова Токтохан, Камбарова Бубусара.

 

Ырысбек

 

"САРЫКОЛ" гезити
сентябрь 2016
www.sary-kol.ru 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены