Тажиктердин келечеги жана коңшулары

Тажиктердин келечеги жана коңшулары

Быйыл күзүндө Тажикстанда президенттик шайлоо өткөрүлөрү белгиленген. Жалпы Борбордук Азия чөлкөмүнө кунт коюп, көңүл бурган ири эл аралык күчтөр, албетте, анын жыйынты- гы кандай болушу ыктымал деген суроого жооп издешүүдө. 1992-жылдан бери мамлекет башчысы болуп келген Эмомали Рахмон бул жолку шайлоодо да ийгиликке жетишүүгө болгон күчүн үрөөгө камынып, өзүнүн саны жагынан азайып бараткан шайлоочуларынын колдоосуна гана ишенбестен, сырткы күчтөргө да таянууга аракетин күчөтүүдө.

 

 

Tadlikt kelejegiӨткөн аптада Рахмон АКШдан келген атайын аскерий делегацияны кабыл алып, Тажикстандын армиясын модерниза- ция кылуу маселесин тал- кууга алды. Аны менен кошо 2014-жылдан кийинки афган тажик чер арасынын келечеги да талкууланды. АКШ армиясынын Борбордук башкармалыгынын жетекчиси Ллойд Джеймс Остин менен болгон талкууда, эки мамлекеттин ортосунда аскер багытында жетишилген келишимдер сакталып калуу жолдору да эске алынды. Учурда НАТОнун башында турган АКШнын аскер күчтөрү быр жыл аралыгында Афганистандан чыга тургандай маршруттардын ичинде ылайыктуу болгон тажик вариантын иш жүзүнө ашырууга макулдашкан. Аны менен кошо Турсун-заде шаарында жайгашкан “Айни” аскер аба базасын, Индиянын ортомчулугу аркылуу АКШга ижарага берүү маселеси да каралды. Серепчилердин айты- мында болсо, Тажикстанда жайгашкан орусиялык 201-аскер базасынын келечеги да талкууга алынган. Бул база боюнча Тажикстан менен Орусия 2012-жылы эле келишим түзүшкөн, ал гана турсун орус Мамдумасы аны ратификация кылганга үлгүргөн.

 

Ал эми тажик тарап болсо, келишимдин ишке киришин кечеңдетип, ушуга чейин парламентте ратификация кыла элек. Мунун артындагы себеп- терге кайрылган серепчилер, президент Рахмон бул келишимди ишке киргизе турган мезгил дал шайлоого жакын болушу мүмкүн деп боолгоп жатышат. Анын себеби ички шайлоочуларга толугу менен ишене бербеген жана оп- позициялык күчтөрдү катуу кысымга алган тажик бийлиги Орусиянын колдоосуна ээ болуш үчүн жана эки тараптык мамиле бийик деңгээлде экенди- гин өз элине көрсөтүү максатында күз- гө чейин күтүп турууну каалашат.

 

Ошол эле учурда, Тажикстан өзүнө керектүү товарларды, күйүүчү майды, курулуш материалдарын негизинен Орусиядан алары белгилүү. Андыктан тажик бийликтери батыш менен да, жана чыгышты туюндурган Кытай менен да алакасын жакшыртканы менен, Москванын өзүнө болгон көз карашын бузуп коюудан чочулайт. Ошол себептен жакында Орусиянын прези- денти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда, Рахмон 1-августта Москвага бараарын жарыялаган. Мунун артында “президент- тик шайлоонун астында Кремлдин колдоосун колго алуу аракети турат” деп билдирген Тажикстандын Социал-демократ партиясынын лидери Рахматилло Зойиров. Буга Москванын көз карашы кандай экени белгисиз болсо да, Рахмон тобокелге салып, В.Путин менен көзмө-көз баарлашкысы бар. Ал эми орусиялык саясат талдоочулар, Кремль учурда бул маселеге өтө кылдат мамиле кылууга тийиш деп эсептешет. Алардын ою боюнча, Тажикстан Орусияны бир нече жолу оңтойсуз абалда калтырган.

 

Бириничиси 201-аскер базасы боюнча ратификация кылынбаган келишим, экинчиси бир жылча мурун орусиялык учактарды туура эмес жол менен кондуруп, учкучтарды бийик деңгээлдеги орус төбөлдөрү кийлигишкенден кийин бошоткону, андан тышкары 2 млн. жакын тажик мигранттарынын Орусияда мыйзамсыз жүрүшү, НАТОну аскер базасын ачууга үмүттөндүрүшү ж.б.

 

Булардын баарын эске алып, аны менен бирге Э.Рахмон Кытай жетекчилиги менен да тыгыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Орусиядан оолактай башташын айткан серепчилер, боло турган шайлоодо орус бийликтери ишенимден чыгып бараткан Рахмондун ордуна бириккен оппозициялык талапкерди колдоого алышы, Москванын кызыкчылыгына пайдалуу дешүүдө. Ал эми буга кошумча Тажикстандын ичинде Рахмондун башкаруу ыкмасы коңшу Өзбекстан менен Түркмөнстандагыдай авторитардык жолго бурулганын эске алган эл аралык коомчулук да ага каршы экенин билдиришүүдө.

 

Тажик эли болсо 1992-1997 жылдагы атуулдук согуштун кесепетинен чочуп калгандыктан, эмне болсо да тынчтык эле болсун деген маанайда жашап жатат. Бийликке сүр көрсөтө тургандар болсо куугунтукталып, шайлоого катышам дегендер ачык эле кысымга алынууда. Дал ошол себептен тажик оппозициясы бирдиктүү талапкердин атын алигиче жарыя кыла элек. Себеби анын артынан да түшүп, шайлоого катыштырбай коюу мүмкүнчүлүгү чоң. Рахмондун кетишин каалаган күчтөр аз эмес. Ички жашоо шарты абдан начарлап баратканы бир гана миграциянын санынан көрүнөт. Аны менен кошо коңшу Өзбекстан менен алаканын начар- лашы социалдык шартты да кескин на- чарлатты. Бир жылдан бери Тажикстан өзбек газын ала албай жашап келет. Эл ишенген Рогун ГЭС менен алюминий чыгаруучу “Талко” мекемеси токтоп калуу коркунучунда турат. Темир жол менен катташуу дээрлик токтогон. Эл чет дүйнө менен жалаң учак аркылуу же Кыргызстан аркылуу катташып калган. Буга кошумча Афганистанда топтолуп, 2014-жылды күтүп жаткан моджахеддердин кысымы да күчөп жаткан учуру. Андыктан күздө боло турган президенттик шайлоо Тажикстандын келечегин, анын эгемендигин тастыктай турган шайлоо болчудай.

 

ZAMAN КЫРГЫЗСТАН

2-АВГУСТ 2013-ЖЫЛ

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены