Тажикстанда 46 миң этникалык кыргыздар жашашат

Тажикстанда 46 миң этникалык кыргыздар жашашат

Кошуна Тажикстанда канча этникалык кыргыздар бар жана алардын жашоо-турмушу, билим алуусу жана башка маданий турмушунун абалы кандай? Дегеле учурда 2 элдин карым-катнашы, мамлекеттик деңгээлдеги иш чаралары тууралуу суроого жооп алуу үчүн Кыргызстандагы тажиктердин “Рудаки” атындагы коомдук бирикмеси мындайча жооп берди:

 

“Кылымдар боюу биздин элдер бир тууган достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында жашап келатышат. Советтик мезгилде жана эгемендүүлүк жылдары кыргыздар менен тажиктер ата-бабаларынын салтын ыйык сакташып, турмуштун бардык тармактарында чогуу-чаран ынтымакта өмүр сүрүшүүдө. Бул фактынын жаркын далили Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамиленин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын майрамдоо болду. Бул тагдыр чечүүчү окуянын урматына 2013-жылы эки борбор калаа – Бишкек жана Дүйшөмбүдө салтанаттуу иш чаралар менен акциялар өтө жогорку деңгээлде өттү.

 

Азыр Тажикстанда 46 миң этникалык кыргыздар жашашат. Алар үчүн 64 мектеп болсо, анын 37си толук кыргыз тилинде окуткан мектептер, ал эми калган 27си – кыргыз класстары кошулган аралаш мектептер. Тажикстандын билим берүү министрлиги аларды максималдуу түрдө кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылышкан. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Тажикстандын парламентинин ар бир чакырылышында эгемендүүлүк жылдардан бери Мургаб жана Жергетал райондорунан 2 өкүл жогорку жана төмөнкү парламенттик палата – Милли мажилис жана Намояндагон мажилисине шайланышат жана дайындалышат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены