Тажикстан Памириндеги көйгөйлөр

Тажикстан Памириндеги көйгөйлөр

Каролин Мартенз, Мартин Саксер

 

2015-жылдын 16-июлунда Тажикстандагы Тоолу-Бадахшан аймагындагы жайгашкан Хорог шаарынан 16 км чыгыштагы Барсем айылынын бир бөлүгү жер көчкү астында калды. Катуу жамгырдын жана ысык температуранын кесепетинен эриген кар-мөңгүдөн пайда болгон жер көчкү Памир жолун жаап калды.

 

Албетте, Барсем окуясы – Памирде болуп жаткан жер көчкү, сел жана ташкындардын бирөө гана. Мындан улам Памир жолундагы бир нече көпүрө жуулуп кеткен.

 

Бул кырсык медиага кандайдыр бир деңгээлде чагылып жатса да, анын социо-экономикалык мааниси туурасында аз жазылууда. Жер көчкү басып калуусунан пайда болгон бир нече чакырымдык көлдөн элдер резинадан жасалган кайыкчалар менен өтүп жатышат. Ал жерден өтүү үчүн тоонун кыры менен басууга туура келет. Шамал чаң учурат. Көпчүлүгү күнүмдүк керектөөлөрүнө толгон баштыктар менен өтүшөт. Кээде кайыкчалардагы орундун жетишсиздигинен уруш-талаш чыгат. Расмийлер бул көйгөйдү чечүү менен убара.

 

Барсем айылына барган жол расмийлер тарабынан эртеби-кечпи ачылат деп турган чакта, кырсык болгон жерде маал-маалы менен түрдүү окуялар болууда. Барсемдеги жер көчкү Тажикстан-Кытай чек арасынан Дүйшөмбүгө товар ташыган жүк ташуучу унааларга да тоскоолдуктарды жаратууда. Анын кесепетинен Памир тоолору арасында көптөгөн унаалар жумалап тыгында турушат.

 

Кээ бир компаниялар арга издеп товарды Кыргызстан аркылуу өткөрүүнүн чарасын издешүүдө. Кыргыз тараптан болсо 60 тонналык жүк ташуучуларды өткөрүүдө каалоосуздуктар коштолууда. Кыргыз тарап менен өтүү үчүн эми унаалар баткакка толгон Вахан өрөөнү аркылуу өтүүгө мажбур.

 

Жүк ташуучу унааларга ылайык болбогон бул жол болсо кайрадан кыйынчылыктарды жаратууда. Тажик расмийлери Басемдеги кырсык менен алек болгон учурда, жыйырмадай жүк ташуучу компаниялар өз күчү менен тыгылган унааларды чыгарууга ракетенишүүдө. Мектептер ачылганы турат жана ата-энелер балдарына кийим алууга муктаж.

 

Жолду калыбына келтирүү жүк ташуучу компаниялардын милдети эмес, бирок алар товарларын таштап кете алышпайт. Товарлардын Дүйшөмбүдө ээлери күтүүдө. Кытайдан товарды алып келүү иштери, визасы ж.б.сы оңой болсун үчүн товарды унаалары менен дүйшөмбүлүктөр дароо чек арадан сатып алышат.

 

Булардын үстунө, акыркы мезгилдеги кризис геополитикалык өнүгүүлөрдү басаңдатууда. 2015-жылы көптөгөн ойлонуу-тартышуулардан соң Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болуп кирди. Тажикстан болсо бул уюмга мүчө эмес.

 

Мургаб аймагындагы Кыргыз этникалык тобуна да кыйынчылыктар жаралбай койгон жок. Быйылкы жылдын жайында чек арадан өтүү салыгы өстү. Хорог жана Дүйшөмбү жолу жабылып турган кезде Кыргызстандын Ош аймагы да кыйналууда.

 

Көпчүлүк Тажикстан да жакынкы аралыкта Бажы биримдигине кошулса, Кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөр чечилет деп үмүттөнүшөт. Россиядан которулган акча каражаттарына муктаж болгон Тажикстан бул абалда Бажы биримдигине кирүү боюнча россиялык басымга туруштук бере алчудай эмес.

 

Бул көйгөй убактылуубу же ансыз да кризис абалында турган экиномикага катуу таасирин тийгизеби, айтуу кыйын. Пайда болгон көлдүн эмне боло турганы да белгисиз.

 

Tadj Pamir koigoiu

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены