Таттуулар жарышы

Таттуулар жарышы

Өткөн айдын аягында Мургаб райондук аялдар жана үй-бүлө секторунун уюштуруусунда, райондук китепкананын чоң залында «мыкты шириндиктер»-деп аталган конкурс болуп өттү. Бул таттуулар жарышына райондун 3 жамаатынан тактап айтканда Аличор, Кара-Көл жана Г.Бердибаев атындагы чебер ашпозчуларынын колунан даярдалган ар түрдүү шириндиктердин көргөзмөсү болду.

 

Алгач бул иш чараны райондун төрагасынын орун басары Ражабова ачып, бул көргөзмөгө катышып жаткан жамааттардын өкүлдөрүн кызуу куттуктоо менен алардын бул көргөзмөнү уюштурууга активдүү катышкандыктарына терең ыраазычылык билдирди. Андан соң көргөзмөнү көрүп чыгуу үчүн аталган сектор тарабынан түзүлгөн комиссия менен бирдикте бардык катышуучулар таттуулар коюлган көргөзмөнү көрүп чыгышты.

 

Бул таттуулар көргөзмөсүн Кара-Көл жамааты эң жакшы уюштурган. Аялдар кеңе- шинин төрайымы А.Айбашованын жетекчилигинде З.Исабаева 65 түрдүү кондитердик таттууларды жасап келишкен. Айрыкча «кыргыз үйдүн» макетин жасаган жакшынакай шириндиктер ж.б. тамактары өтө кубандырды. Ал эми Г.Бердибаев атындагы жамааттан Ш.Алибаева 30 түрдүү шириндиктерди жасаса, Аличор жамаатынан А.Элеманова 29 түрдүү таттуулар- ды жасап, көргөзмөнүн катышуучуларына көрсөтө алышты. Көргөзмөнүн катышуучулары печенье, таттуу чий борсок, колдо жасалган момпосуй, павидило кошулган печенье, таттуу каттамаларды ж.б. жасап келишкен.

 

Конкурсту жыйынтыктап сөз сүйлөгөн райондук аялдар жана үй-бүлө секторунун башчысы А. Термечикова бул жакшы демилгени колдоп активдүү катышкан Кара-Көл, Г.Бердибаев, Аличор жамааттарынын төрагаларына ыразычылык билдирүү менен аларды жетектеп алып келишкен өкүлдөр Г.Бердибаев атындагы жамааттын катчысы Д.Мыймановага, Аличор жана Кара-Көл жамааттарынын аялдар кеңештеринин төрайымдарына А.Айбашовага жана Г.Атакулова алкыш айтышты.

 

Ошондой эле бул иш чарага катышууга келбей калган Ыраң-Көл, Мургаб жана Кызыл-Рабат жамааттарын белгилеп өттү. Бул иш чаранын акырында конкурска катышкан эжелерге, сиңдилерге ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Учурда бул катышуучулар облусттук конкурста катышуу менен, облусттук конкурста экинчи орунга ээ болушту.

 

Ш.Исламбердиева

 

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены