Тагдырдын өгөй балдары !

Тагдырдын өгөй балдары !

Кыргызстан Республикасынын тыш кийими - бул этникалык кыргыздар, ал эми ич кийими болсо, мигранттар! Ушул кийимдерди Кыргыз Мамлекетти жөндөп кие албай калды! Жакшы жууп, кургатып, үтүктөп айтка-тойго кийбей, эптеп-септеп үстүнө иле коюп, кара жумушка, стройкага кийип калды! Кыргыз мамлекетти ушул, боордош, улутташ, тектеш, тилдеш, диндеш, дилдеш, жыгылса жөлөк боло турган улутташ бир туугандарын асырай албай калды!

 

Неге? Айткылачы? Жооп издеп көргүлөчү?

 

Бабабыз Манас чачылганды жыйначуу эле, ал эми азыркы журт башчыларыбыз "битине өчөшүп, ыштанын отко салганы" туру! Намыс өлүмдөн артык дейт го! Же "Өз агасын агалай албай, киши агасын сагалап калат "деген ушулбу?  Тажиктарга өчөшүп, тил табыша албай,орто жолдо Жерге Талдык кыргыздар менен Мургабчы кыргыздар чайналып, жарымы мында, жарымы анда туугандарына каттай албай, соода-саттык иштерин жүргүзө албай, ай караган текедей болуп жолдун ачылышын күтүп булар туру. Оруссияга жалган убадаларды бере берип, анда иштеп жан багып жүргөн журташтарыбыздын ишине тоскоол жаратып, көйгөйлөрүн жеңилдетип чечип берүүнүн ордуна, тескеринче, улам жаңы көйгөй арттырып, мигранттардын тиричилигин татаалдантып туру.

Так талашуу, амалдын айынан биттемек тургай, курттап кеткени болду!

Эми анык өчөшүп кийимин отко салмай болду!

Ошондо көр тозуган элди! Жадап бүттүк го жашоодон!


Бүгүн, биз медер туткан Кыргыз Мамлекетти ушундай бизге тагдырдын өгөй балдарындай мамиле кылса, анда, Төлөгөн Касымбековдун чыгармасындай "кылычыбыз сыныптыр!"

"Акылдуураак башчың болсо, адашпайсын" деген сөздүн мааниси терен экен.

" Көч бара-бара түзөлөт" дечу эле, дагы эле баягысындай ооп кетип баратабыз, жөлөп-таяп. Арабызда эл деп, улут деп күйгөн абройлуу инсандарыбыз барбы?!

Кел! Чык ортого! Ак кийизге ороп хан көтөрүп алалы!

Алакандай болгон Кыргыз Мамлекеттин, напсибиздин кулу болуп тозутуп алганы болдук! Карагылачы, жердин тенинен көбүн ээлеп алган империяларды! Темирдей бекем тартип менен, өз элин, улутташтарын өгөйсүтпөй асырап, башка өлкөлөрдүн улагасын сагалатпай, алыстагыларын аман-эсендигин сурап, кичине эле тополоң болсо, алып чыгып кетүүгө даяр турган намыстуу элди! Келгиле, жаштар эски саясатчылардын сагызын тукуруп салып, патриоттук сезимдерди ойготуп, артык кылам деп тыртык кылып албай, элим, жерим, улуттум деген, бычакка сап боло турган, намыстуу эр-азаматтын падыша кылып шайлап алалы!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены