Таджикстандын Мургаб районудан келген уста Д.Жунусов кыргызстандык фермерлердин ишин жеңилдетти

Таджикстандын Мургаб районудан келген уста Д.Жунусов кыргызстандык фермерлердин ишин жеңилдетти

Кара-Балта шаарына караштуу Келечек айылынын тургуну Дүйшөн Жунусов 100 буканы 15 мүнөттө сугаруучу чөйчөк жасап, фермерлердин ишин жеңилдетти. Д.Жунусов 1985-жылы Тажикстандын Мургаб районундагы Токтомуш айылында төрөлгөн.

 

«Токтомуш айлындагы №2 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти бүткөм. 2003-2005-жылдары Кыргызстандын Кара-Балта шаарындагы Хазрети Осмон атындагы окуу жайда диний билим алгам. Устачылык өнөрдү 5 жылдан бери аркалап келем. Өзүм эле үйрөнүп алдым», - дейт Д.Жунусов.

 

Ал букаларды сугаруучу чөйчөктөрдү, дарбаза, тепкич, араба, казан, селкинчек сыяктуу буюмдарды жасайт.

 

«Мал сугаргыч идиш жасаганды Байыш деген киши үйрөткөн. Ошол мезгилде өзүм дагы бирөөнүн сарайында бука багып иштечүмүн. Мен жасаган мал сугаргыч 100 буканы 15 мүнөттө сугарат. Ар бир чөйчөк 700 сомго бааланат», - дейт ал.

 

Учурда мындай мал буюм жасоого буюртма бергендер көбөйгөнүн белгиледи.

 

 

«Жалал-Абад шаарында жана Чүй облусунда көп жасадым. Ширетүүчү менен жасалуучу буюмдардын дээрлик көпчүлүгүн жасайм. Келечекте мындай мал сугаргычтарды өлкөнүн ар бир аймагына жеткирүүнү максат кылам», - дейт чебер уста.

 

Ал үй-бүлөлүү, бир баланын атасы

 

 

Комментарий

Memmen

Memmen

Суббота, 04 Февраля 2017 20:50

Азамат жердешим ишке жарайсын !!!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены